Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Кыргызстан Мазари-Шарифтеги жардырууну айыптады


Мазари-Шариф шаарындагы шийилердин мечитиндеги жардыруудан кийинки көрүнүш. 21-апрель, 2022-жыл.
Мазари-Шариф шаарындагы шийилердин мечитиндеги жардыруудан кийинки көрүнүш. 21-апрель, 2022-жыл.

Кыргызстан Ооганстандын Мазари-Шариф шаарындагы мечитте болгон жардырууну айыптады. Тышкы иштер министрлиги 22-апрелде билдирүү таратып, Орозо айындагы бул террордук чабуулду мусулмандарды бөлүп-жаруу аракети деп мүнөздөдү.

Бишкек каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Ооганстандын элин биримдикке чакырды.

21-апрелде Ооганстанданын бир катар аймактарында болгон жардырууларда 15 кишинин өмүрү кыйылып, ондогон адам жабыркады.

Мазари-Шариф шаарындагы шийилердин мечитиндеги жардыруу 11 адамдын өмүрүн алса, Кундуз шаарындагы жардырууда төрт киши курман болду. Баш калаа Кабулдагы шийилер отурукташкан райондогу жардырууда эки бала жабыркады.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" (Кыргызстанда тыюу салынган) деп атап алган экстремисттик топ алды.

2021-жылдын августунда Ооганстанда бийликке келген Талибан өкмөтүн Кыргызстан расмий тааныган эмес. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG