Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Жалал-Абад шаарынын мыкты мугалимине автоунаа берилди


Максат Абилов. 22-апрель, 2022-жыл.
Максат Абилов. 22-апрель, 2022-жыл.

Жалал-Абадда “Жылдын мыкты мугалими -2022” кароо-сынагы 22-апрелде жыйынтыкталды. Сынактын баш байгесин Бекмамат Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын химия мугалими, 29 жаштагы Максат Абилов жеңип алды. Ага автоуна жана Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо ыйгарылды.

Сыйлоо аземине Жалал-Абд шаарынын мэри жана шаардык кеңештин төрагасы катышып, байгелүү орундарды алган башка мугалимдерге да сыйлыктар тапшырылды.

Жылдын мыкты мугалими Максат Абилов алты жылдан бери мугалим болуп эмгектенет. Бул аралыкта ал окуткан он бир окуучусу Олимпиаданын шаардык баскычында алдыңкы орунду камсыз кылса, экөө облустан байгелүү орунга жеткен.

“Жылдын мыкты мугалими-2022” кароо-сынагын уюштурууга жергиликтүү бюджеттен 800миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Президент Садыр Жапаров быйыл Билим берүү министрлигине 16 млрд. сомдон ашык кошумча каражат бөлүнгөнүн, бардык категориядагы мугалимдердин айлыгы кеминде 50% көтөрүлөрүн айткан.

Кыргызстанда мугалимдердин саны 186 миңден ашат. Өлкө боюнча 345 авариялык абалдагы орто мектеп иштеп жатат.(TB\JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG