Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кызматтан кетти


Руслан Казакбаев
Руслан Казакбаев

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетти. Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" ырастады.

Казакбаев кайсыл кызматка бара турганы азырынча белгисиз.

55 жаштагы Руслан Казакбаев тышкы иштер мекемесин 2020-жылдын 14-октябрынан бери жетектеди. 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал 2010-2012-жылдары дагы тышкы иштер министринин кызматын аркалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG