Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Орус генералы: Москва Украинанын түштүгүнө көзөмөлүн орноткусу келет


Рустам Миннекаев (солдо) аскердик госпиталда сыйлык тапшыруу учурунда.
Рустам Миннекаев (солдо) аскердик госпиталда сыйлык тапшыруу учурунда.

Орусиянын күчтөрү Украинанын түштүгүнө жана чыгыш тарабындагы Донбасс аймагына толук көзөмөлүн орноткусу келет. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук аскердик округунун кол башчысынын милдетин аткаруучу Рустам Миннекаев 22-апрелде билдиргенин орус мамлекеттик каражаттары жазып чыгышты. Анын айтымында, орус тарап аннексияланган Крым жарым аралына жана Молдовадагы өзүн Приднестровье жумурияты деп атаган орусиячыл жикчил аймакка кургактык аркылуу коридор ачууну көздөйт.

"Интерфакс" маалымдагандай, генерал-майор Миннекаев бул тууралуу Орусиянын Свердлов облусундагы коргонуу тармагындагы ишканалардын бирикмесинин жыйынында айткан. Генералдын сөзүнө караганда, Украинанын түштүгүнө толук көзөмөл орнотуу менен орус армиясы "украин экономикасынын маанилүү объекттерине таасир этүү" мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус генералынын бул билдирүүсү боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, мындай өтүнүчтөр Орусиянын Коргоо министрлигине жолдонушу керектигин айтты.

Буга чейин украин бийлиги орус күчтөрү Херсон облусунунун Украинадан бөлүнүшү тууралуу референдум өткөрүүнү көздөп жатканын эскертишкен. Президент Владимир Зеленский Москванын мындай ниети ишке ашпай турганын белгилеген.

Москва Молдовадагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп келе жаткан Приднестровье аймагына коридор ачуу үчүн Украинадагы Одесса жана Николаев сыяктуу шаарларга көзөмөлүн орнотушу керек. Украин адистери орус күчтөрүнүн бул максатты ишке ашыруу үчүн чама-чаркы чектелүү экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG