Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Кара-Мурза "орус армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан" деп камалды


Владимир Кара-Мурза.
Владимир Кара-Мурза.

Орус оппозициясынын өкүлү, активист Владимир Кара-Мурза "орус армиясы тууралуу коомчулукка жалган маалымат тараткан" деп камалды. Москванын Басман райондук соту чыгарган чечим тууралуу "Медиазона" жазды.

Кара-Мурза саясий жек көрүүгө шыкактоого айыпталууда. Орусиянын Кылмыш кодексиндеги бул берене менен соттолгондор 10 жылга камалат. Полиция аны 11-апрелде өз үйүнөн кармап кеткен.

Тергөөнүн версиясына ылайык, саясатчы орус аскерлери Украинадагы турак жайларды, төрөт үйлөрүн, ооруканаларды жана мектептерди бомбалап жаткандыгы тууралуу "атайылап жалган маалымат таратып, Орусиянын кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирген".

Соттун чечиминен көп өтпөй Юстиция министрлиги Владимир Кара-Мурзаны "чет элдик агенттердин" катарына кошту.

Ал оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовдун жакын санаалашы болгон.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Кара-Мурза башка оппозиция активисттери менен биргеликте "Согушка каршы комитет" түзгөн.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кара-Мурзанын кармалышы боюнча тынчысыздануусун билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG