Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:23

Депутатка диплом керекпи? Парламенттеги талаштуу мыйзам


Кыргызстанда жасалма дипломдорду текшерип, аныктоо өнөктүгү бүтө элек.
Кыргызстанда жасалма дипломдорду текшерип, аныктоо өнөктүгү бүтө элек.

Парламент депутаттарынын билим деңгээли тууралуу маселе кайрадан күн тартибине чыкты. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн жогорку билим болуш керек деген норманы алып салуу сунушталууда. Бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Демилгечи топ буга Баш мыйзам кепилдеген жарандардын бирдей шартта шайлануу укугу чектелип жатканын жүйө келтирди. Кээ бир адистер "диплом жогорку билимдин көрсөткүчү эмес" десе, айрымдар "ченемди алып салуу парламенттин деңгээлин төмөн түшүрөт" деген ойдо.

"Эл кызыкчылыгын тайманбай коргоо маанилүү"

Жогорку Кеңеште алты депутаттан турган демилгечи топ парламенттин депутаттыгына талапкерликке катталуу үчүн жогорку билимди талап кылган ченемди алып салууну сунуштады. Мыйзам долбоорунда былтыр киргизилген бул ченем жарандардын шайлануу укугун чектеп, бардыгына бирдей шартты кепилдеген Баш мыйзамга каршы келери көрсөтүлгөн.

Мыйзам демилгечилердин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жобону баштапкы абалына алып келүүгө негиз болгон себептерге токтолду:

“Депутат бул – эл өкүлү. Бул жерге келип элдин таламын талашып турган адамдар керек. Бирок бул мыйзам жобосу Орозайым Нарматова, Рыскелди Момбеков сыяктуу башкача көз караштагы талапкерлерге гана иштеп, диплому чынында эле жок жана жасалма болушу мүмкүн деген адамдарга ал ченем иштебеди. Бүгүн 4 диплому бар болуп туруп, бирок бир гана бийликтин кызыкчылыгын коргоп жүргөндөргө биз азыр көнүп деле калдык. Ошону менен азыркы 7-чакырылыш мурдагы 6-чакырылыштан билимдүү же прогрессивдүү болуп кеттиби? Андай эмес. Ошондуктан биз элди катмарга бөлбөшүбүз керек. Анткени, мурда акчасы бар адамдар гана окуп, диплом алып, ал эми колу жукалардын балдарын окутканга шарт болгон эмес. Бирок мына ошол муун сыртта мигрант болуп иштеп, азыр мекенине кайтып келип жатат. Биз азыр мына ошондой топтон суурулуп чыгып, чыныгы караламан элдин өкүлдөрү болгусу келгендердин жолун бөгөп, "жогорку билими тууралуу диплому жок" деген шылтоо менен аларды шайлануу укугунан ажыратып салып жатабыз”.

Анткен менен парламенттин депутаты болуп шайлануу үчүн жогорку билимди талап кылган ченемди жокко чыгарууга каршылар да аз эмес. Себеби, дүйнөдө жогорку билимди тастыктоочу документ диплом экени жана мындан башка укуктук жактан адамдын билим алганын ырастоочу башка көрсөткүч жоктугу белгиленди.

"Жобону жок кылбай, өркүндөтүү керек"

“Мурас” фондунун төрагасы, тарыхчы Кыяс Молдокасымов Жогорку Кеңеш өлкөнүн жүзү экенин, ошондуктан аталган жобону алып салбай, кайра тескерисинче, анын жоболорун өркүндөтүү керек дейт.

Кыяс Молдокасымов, "Мурас" тарых изилдөө фондунун төрагасы, тарыхчы, профессор.
Кыяс Молдокасымов, "Мурас" тарых изилдөө фондунун төрагасы, тарыхчы, профессор.

“Өткөн жылы дал мына ушул коомдук талкууга түшкөндө “чыныгы билими жок, мыйзам дегенден түшүнүгү жок, жогорку билими тургай, сабаты жок, текстти шар окуп, туура жаза албагандар өлкө тагдырын аныктай турган парламентке келсе, кандай болот” деген маселе келип чыккан. Мына ошондон улам, “жогорку билим албаган жаран Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталып, парламенттик шайлоого бара албайт” деген туура чечим кабыл алынган. Эми аны кайрадан козгоп, диплому жок, мыйзамдарды айырмалай албаган адамдардын депутат болуп келишине шарт түзүлсө, анда бизде кандай мыйзамдар иштелип чыгып, кабыл алынышы мүмкүн?”.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев былтыр шайлоо мыйзамын иштеп чыгып жатканда ал жобо ошондогу коомдук пикирди эске алуу менен кирип калганын айтты.

Анткени парламенттин 6-чакырылышынын айрым депутаттары палатада сессияларда же чет элдик сапарлар учурунда ката сүйлөп, жазылган тексти туура эмес окуп, жаңылыштык кетирип, жалпы Жогорку Кеңештин абройуна көлөкө түшүргөн учурлар мисалга алынды.

"Кыргызтест" сабатты эле эмес, акыл-эсти да аныктайт"

ОшМУнун кызматкери Улукбек Омокеев акыл көрөңгөсү жагынан азыркы чакырылыш деле мурдагысынан эч кандай деле айырмаланбаганын айтып, ошондуктан шайлоо мыйзамына жаңы талаптарды киргизүүнү сунуштады:

Улукбек Омокеев, акын, ОшМУнун тилчи-адабиятчы адиси.
Улукбек Омокеев, акын, ОшМУнун тилчи-адабиятчы адиси.

“Парламент деген сөздүн өзү сүйлөө дегенди түшүндүрөт. Болгондо да, сабаттуу сүйлөп, сабаттуу жаза ала турган адамдар гана мамлекеттин негизги трибунасына чыгып, сөз сүйлөп турушу кажет. Бирок бизде бардыгын диплом менен өлчөшөт. Азыркы депутаттардын 100% диплому бар. Байкасаңыздар, азыр айрым депутаттар ката жазгандан же ката сүйлөөдөн качып, соцтармактарга жазгандан жана сүйлөгөндөн уялышат. Анан адам сөз сүйлөгөндө, анын ким экенин кандай экенин айтып турат. Парламент мамлекеттин өзөгүн түзүп, кызыкчылыгын чагылдырып тургандан кийин депутаттар биздин элдин татыктуу жүзү болушу шарт. Менимче, абдан оптималдуу варианты – депутаттыкка талапкрелерди “Кыргызтесттен” өткөрүү керек. Сабаттуу сүйлөп, сабаттуу жаза ала турган адам талапкер болуп каттала алат”.

Жасалма дипломдорго аңчылык

Парламент депутаттыгына талапкер болууу үчүн жогорку билимди талап кылган ченем “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” мыйзамга киргизилип, былтыр күчүнө кирген. Ага ылайык, айрым талапкерлер шайлоодон четтесе, бирөө депутат болуп шайланып келгенден кийин мандаттан ажыраган. Дипломдорду жапырт текшерген өнөктүк жүрүп, муну менен УКМК жана Башкы көзөмөл органы алектенүүдө.

Атайын кызмат жогорку билимди тастыктоочу жасалма дипломдорду текшерүү өнөктүгү бардыгына тиешелүү экенин жүйө келтирди. Жасалма диплом же башка жасалма документ алуу жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине жатарын айткан УКМКнын басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов дипломдорду текшерүүлөр аягына чейин уланарын билдирди:

“Текшерүүлөр улантылып, ачылган кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Негизи, бардык жарандар шайлоого эле барганда эмес, мамлекеттик же мунициалдык кызматка барганда же башка бир себептер боюнча документтерин тапшырышат. Ал документтердин жасалма эмес экени байма-бай жана толук текшерилип турушу кажет. Бул мыйзамдын талабында бар. Ошондой эле тиешелүү мекеме-уюмдардын ички жоболору дагы мына ошону карап, текшерүүнү жөнгө салат”.

Буга чейин УКМК 183 мамлекеттик кызматкердин диплому жасалма экенин таап чыккан. Анын тараткан маалыматында тизмеде Жогорку Кеңештин үч депутаты, бир министр, эки судья, 15 милиция, билим берүү тармагында эмгектенген 40 кызматкер, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу бир өкүлү,эки мэр жана бир топ вице-мэрлер бар экени айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG