Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Депутаттыкка жогорку билимди талап кылган жобону алып салуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн жогорку билим болуш керек деген норманы алып салуу сунушталууда. Бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Жанар Акаев ("Альянс"), Нурланбек Шакиев (Аксы округу), Улугбек Ормонов ("Ишеним"), Дастан Бекешев (Октябрь округу), Сеид Атамбаев (Аламүдүн округу), Марлен Маматалиев ("Ынтымак") сунуштаган.

Демилгечилер Кыргызстандын Баш мыйзамынын 24-беренесинин 3-пунктунда жарандар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгилешкен.

2021-жылы кабыл алынган "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамда парламенттин депутаттыгына жогорку билими бар адамдар гана талапкер боло алары жазылган. Ага чейинки мыйзамда депутат болуш үчүн жогорку билим талап кылынган эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы жыл башында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Орозайым Нарматованын диплому жасалма деген негизде анын мандаттан ажыраткан. Экс-депутат муну саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Бул окуядан кийин президент мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, мугалимдердин, депутаттардын жогорку билими тууралуу дипломун текшерүү тапшырмасын берген.

Ушул тапта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жасалма диплом боюнча текшерүү жүргүзүүдө. Атайын кызмат апрель айынын башында "Ата-Журт - Кыргызстан" фракциясынан депутаты Фархат Исмаилов менен "Альянстын" депутаты Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканын билдирген.

2021-жылы шайлоо жөнүндөгү мыйзамга киргизилген Жогорку Кеңештин депутаты болуш үчүн жогорку билим керек деген норма Конститиуцияга каршы келет деп "Ата Мекен" партиясы Конституциялык сотко кайрылган. Саясатчы Феликс Кулов дагы "Ар-Намыс" партиясынын өкүлү аталган норманы анти-конституциялык чек деп таануу боюнча Конституциялык сотко кайрылганын билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG