Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:54

Ош: Жапалакта ойрон болгон газ долбоору


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаардык прокуратурасы Жапалак айыл башкармалыгына газ тартуу боюнча долбоорду териштирүүнү шаардык милицияга тапшырды. Дүйнөлүк банктын 8 миллион акчасы салынып, бирок 15 жылдан бери аягына чыкпай жаткан долбоор тууралуу буга чейин парламентте да сөз болгон.

Жалпысынан сегиз чакырым газ кууру тартылган. “Газпром Ош” ишканасы курулуштун сапатсыздыгын айтып, газ куурун толук кандуу ишке киргизүү үчүн дагы 11 млн. сомдой каражат керек деп эсептейт.

Ош шаарына караштуу Жапалак айылына газ келет дегенден бери 15 жыл өттү. Газ тартуу демилгеси айыл тургундарынын өзүнөн чыккан. Жергиликтүү тургун Кубаныч Асанов ошол кезде айылга көгүлтүр от келет деп айтылганда кубанып, өз үй-бүлөсү үчүн 1000 сом акча бергенин айтат.

Кубанычбек Асанов.
Кубанычбек Асанов.

"Биздин айылга борбордук түтүкчө тартылган. Менин жер үлүшүмүн жанынан өткөн. Бирок эмнегедир газ келбеди. Мен ошол убакта 1000 сом бергем. Ал кезде айыл башчы ким экени эсимде жок. Жардам болсун деп бергенбиз".

Качыбек айылынын тургуну Жаныбек Жумаев эл каражатты толук топтобогондон улам, газ келбей калды деген ойдо.

"Мен газ үчүн деп 1000 сом бергем. Азырга чейин РСК банкка төлөгөнүм тууралуу квитанция турат. Биздин Качыбек айылында 300дөн ашуун түтүн бар. Анын канчоо бергенин билбейм. Менде газ акыры келет деген үмүт бар".

Жергиликтүү тургундар 2007-жылы Жапалактагы жети чакан айылды газ менен камсыздоо маселеси менен АРИС (Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги) уюмуна кайрылганын айтышууда.

Аталган уюм 8 млн. 200 миң сом бөлүп бермей болгон. Жапалактагы жети айылдан бирден өкүл шайланып, газ долбоорун ишке ашырууга элден дагы 3 млн. сом топтой турган болушат. Айылда инвестициялык комитет түзүлүп, АРИСтен бөлүнгөн акча тендер өткөрүлбөй эле ошол комитетке которулган.

Жалпысынан 8 чакырым газ кууру тартылып, ал Жапалактын ички айылдарын аралап өткөн. Маселени ичинен билген Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев долбоорду аягына чыгарбаганы үчүн бир нече адамдын жоопкерчилигин караш керек деген пикирде.

“Жапалакка газ долбоору тендер аркылуу болуш керек эле. Ал учурда айыл тургундары “Жапалак айылдык бирикмеси” деген коом түзүп, АРИС уюму ошолордун эсебине каражатты которгон экен. Бул жерде АРИСтин да күнөөсү бар. Алар каражат бергенден кийин текшериши керек эле. Андан ары тиешелүү ишканага өткөрүп бериш керек болчу. Азыр бул жерде иштин чала экени көрүнүп турат. Газ тартуу жумушун Жапалактын Нурбек Осмонов менен Сүйүн Нурматов аттуу тургундары уюштурган экен".

Арзибаев бул боюнча Ош шаардык прокуратурасына арыз жазган. Ош прокуратуранын өкүлү Өмүрбек Жүжүров ишти милицияга териштирүү үчүн жөнөтүшкөнүн ырастап, "маселе шаар прокурорунун жеке көзөмөлүндө" деди.

"Бул иш боюнча 2014-жылы Ош милициянын экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан текшерилип, аудит салынган. Бүгүнкү күндө бизге Ош шаардык кеңешинин депутат Бекболот Арзибаев арыз менен кайрылды. Биз арыздын негизинде милицияга кайрадан текшерүүгө жөнөттүк. Бул боюнча иш шаардын прокурорунун жеке көзөмөлүндө турат".

Жергиликтүү депутат айтып жаткан Нурбек Осмонов Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун бир тууган агасы. Ал Жапалак айылынын Арек айылынын тургуну. Учурда курулуш тармагындагы ишкер катары белгилүү.

Биз Нурбек Осмонов менен байланыша албадык. Анын иниси Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов буга чейин парламент жыйынында Жапалак аймагына газ барбай калганына АРИС мекемесин айыптап сүйлөгөн.

Ал агасы Нурбек Осмонов газ долбоорунун каржы маселесине жана курулуш иштерине аралашпаганын билдирди.

"Менин агам Нурбек Осмонов куруучу Сүйүн Нурматовдун досу, группалашы болгон. Ал ошол кезде Жапалактын айыл элин уюштуруп, жаштарды чакырып жумушту аткарткан. Газ кууру тартылганы жатат, 30% жумушту биз аткарышыбыз керек деп жардам берген экен".

Депутаттын айтымында, аталган долбоорду АРИС үч этап менен жасамак болгон. Биринчи этабынын каражатын Сүйүн Нурматовдун фондуна берген. Бул этапта 70% каражатты АРИС, 30% эл топтоп бермек болгон. Андан кийин экинчи, үчүнчү этабы уланмак.

Айбек Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаты.
Айбек Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаты.

"АРИС долбоорду баштагандан кийин аягына чыгарбайбы. 70% берип, калган 30% эл кылсын деп калтырып коюп жатат. Андай долбоордун эмне кереги бар? Кийин ал долбоорду Ош шаардык газ ишканасы кабыл алыш керек экен. Мен аны дагы тактадым, ал ишкана кабыл ала турган болсок, бизде стандартка жооп бере турган ширетүүчүлөр бар деген экен. Анан Сүйүн Нурматов шаардык газ ишканасына акчасын которуп берген. Ошону бергенден кийин ал ишкана кабыл алган эмес. Мен эмнеге кабыл алган эмес деп тактасам, газдын басымы жетпейт деген максатта кабыл албаптыр. Ошол максатта парламентте “Кыргыз газ” ишканасын 1 долларга алганда, беш жыл ичинде 20 млрд. рубль салабыз деп убада берген, эмнеге ал убадаларын аткарбайт деп айттым".

Оштун Жапалак айылындагы газ куурлары.
Оштун Жапалак айылындагы газ куурлары.

Жапалакка газ тартуу иштерин уюштургандардын бири Сүйүнбек Нурматов АРИСтин берген каражатына толук сегиз чакырым газ кууру тартылганын, аны уюмдун атайын техникалык көзөмөл кызматы кабыл алганын бышыктады. Нурматов газ түтүкчөсү толугу менен аягына чыкпай калганын элден чогулбай калган каражатка байланыштырды.

"Жалпы газ куурдун узундугу 11 млн. 200 миң сом болгон. АРИСтен 8 млн. 251 миң келди. Калган 3 млн. сомду элден чогултушубуз керек эле. Ошондо элден 500 миң сомго чейин акча чогулган. Ал акчаны жети айылга бөлгөндө 2 миң сомдон ар бир кожолукка туура келген".

АРИС уюумунун Ош обулусундагы өкүлү Асанбек Турдуев долбоор 2011-жылы эле бүткөнүн, бирок андан ары шаардык газ ишканасынын балансына эмнеге өтпөй жатканы боюнча кабары жок экенин билдирди.

Асанбек Турдуев.
Асанбек Турдуев.

“2007-жылы долбоор боюнча газ 2009-жылы бүтүш керек эле. Булар 2011-жылы бүтүштү. Биз менен ошол кезде Сүйүн Нурматов жана Нурбек Осмонов деген жигиттер иштеген. Сүйүн Нурматов деген жигит 8,5 чакырым бүттү деген актысын көрсөттү. Булар андан ары шаардык газ ишканасына өткөрүп бериш керек эле. Алар өткөрүп бердиби билбейм. Биздин техникалык кызматкерлер текшерип, кабыл алуу акты менен кабыл алганбыз”.

“Газпром Ош” ишканасы газ куурларын ушул күнгө чейин кабыл албай жатат. Ишкананын башкы инженери Мирбек Маматов долбоор аяктаганда кабыл алуу иштери болбогону, сапатсыз курулганы менен түшүндүрдү.

“Долбоор боюнча тогуз чакырым куур тартылыш керек болсо, иш жүзүндө 7,5 км тартылган. Экинчиден, курулуш материалдардын сертификаттары жок. Ширетүүчү кызматкерлердин күбөлүктөрү жок, сапатсыз тартышкан. Ошол бойдон алардын каржы мүмкүнчүлүгү жетпей калганбы, белгисиз себептер менен долбоор аяктагандан кийин “Кыргыз газ” ишканасына тапшырылбай калып кеткен. Биздин адистер текшергенде, газдын басымын тартылган куурлар көтөрө албай турганы аныкталды. Себеби, түтүкчөлөрдү начар туташтырган, ал жерден газ чыгып кетиши мүмкүн. Биздин атайын рентген текшерүүдөн дагы өткөн эмес. Аны эми демонтаж кылыш керек болуп турат”.

“Газпром Ош” ишканасынын адистери Жапалактагы газ куурун толук кандуу ишке киргизүү үчүн дагы 11 млн. сомдой каражат сарпталарын эсептеп чыккан. Ош шаары газ менен толук камсыздалган эмес. Шаарга караштуу конуштардын көбүндө газ жок. Жалпысынан шаар 80% газ менен камсыз болгон.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы Оруcиянын “Газпромуна” сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. “Ошгаз” ишканасы да “Газпромго” өткөн. Ортодо түзүлгөн келишимде компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд. рубль жумшоону убада кылган. Бирок ал убадалар азырынча толук аткарылбай жатканы жакында эле парламент жыйынында айтылды.

  • 16x9 Image

    Арген Нуров

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG