Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Ош: милицияны азгырган маңзат соодасы


Милиция кызматкерлери катып жатканда табылды делген маңзат.
Милиция кызматкерлери катып жатканда табылды делген маңзат.

Ошто мыйзамсыз маңзат соодасына байланыштуу милиция кызматкерлери кармалган бир күндө эки окуя катталды.

Атайын кызмат 4-апрелде Ош шаардык, ага удаа эле Ички иштер министрлиги (ИИМ) облустук милициянын кызматкерлери колго түшкөнүн билдирди.

Бул окуялар ички иштер органдарында иштегендер маңзат соодасына аралашканы тууралуу талкууга жем таштады.

Атайын кызмат Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери, милициянын полковниги менен старшинасы 1-апрелден 2-апрелге караган түнү кармалганын билдирди.

Анда 850 граммга жакын салмактагы маңзатты катып жаткан жеринен колго түшкөнү айтылат.

"Жыйынтыгында Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңгизатын ташыган каналдардын биринин ишине бөгөт коюлду", - деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.

Атайын кызмат тергөөгө байланыштуу мындан башка маалымат берген жок.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө башталганын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Кармалгандардын бири шаардык милициянын уюшма кылмыш топторго каршы күрөш бөлүмчөсүнүн башчысы экенин айтты.

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

"Кылмыш ишин УКМК тергеп жатат. Аларды биздин ички коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен чогуу кармашкан, алар дагы катышкан. Кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Кармалгандардын бири Уюшма кылмыш топторго каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн башчысы, экинчиси Патрулдук милициянын кызматкери".

Буга удаа эле ИИМ Тажикстандан алынып келген 30 килограммдан ашык маңзатты сатууга байланыштуу Ош облустук милициясынын эки, ИИМде иштеген бир кызматкер кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз өкүлү Адинай Шаршеева милицияга маңзатты мыйзамсыз соодалоого байланыштуу маалымат түшкөнүн, шектүүлөр ыкчам иликтөө иштеринин негизинде кармалганын билдирди.

"Тергөөнүн жүрүшүндө, 2022-жылдын 4-апрель күнү саат болжол менен 03:20 чамасында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, Ош шаарынын тургуну 1988-жылы туулган А.А. “Лексус-330” үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан жеринен токтотулган. Автоунаада милиция кызматкерлери К.Б., А.А., жана И.Д. болушканы аныкталган. Ыкчам-тергөө аракеттеринин жыйынтыгында, автоунаага кечиктирилгис жагдайда тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы машинанын багажынын дөңгөлөк коюучу жеринен 30 даана сары жылтырак баштыкка оролгон заттар табылган. Анын жалпы салмагы 30 килограмм 460 грамм болуп чыкты".

Айрым бир маалыматтарга караганда, кармалгандардын бири облустук ички иштер башкармалыгынын Маңзатка каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы.

ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев соңку окуялар милиция кызматкерлерине көө жапкан жагдай болгонуна токтолду. Анын айтымында, ички иштер органдарында иштегендердин маңзат соодасына аралашкан учурлары кадыресе көрүнүшкө айланып калды.

"Булар мыйзамды, милициянын кадыр-баркын билбеген кызматкерлер. Ошону менен байып көнүп алган. "Милициялар ушундай болуп калыптыр, кылмышка барып, кармалыптыр" деген сөз кандай оор. Алар укпай-көрбөй калат деп ойлошкон, акча табуунун оңой жолун таап алышкан. Бул биринчи жолу болуп жаткан жок. Такай эле жасап жүрүшкөн, билинбей келген. Эми мындай окуялар болуп жүргөн, боло берет. Көпчүлүк болгондон кийин биздин кызматкерлердин арасына таза эместер дагы кирип кетип жатпайбы".

Журналист Семетей Аманбек буга чейин милиция негизинен маңзат соодасын калкалаганы тууралуу маалыматтар чыгып келгенине токтолду.

"Милициянын подполковниги, 3-бөлүмдүн башчысы өзү жашырып жатканда кармалганына таң калдым. Эгер буга чейин алар "крыша" болуп келсе, азыр өздөрү ошого малынып калганына таң калдым. Буларды УКМК кармады, демек алар көптөн бери изине түшүп, аңдып жүргөн. Ошондуктан далилдер көп эле болушу керек. Аңдып, телефондорун тыңшап, ар кандай булактардан маалымат алып иштешсе керек. Бул чоң иш бир эле адам бир бөлүмдүн кызматкерлери катышат. Эгер бул наркотрафикти бөлүшүү эмес, чынында эле баңгизат соодасына каршы иштер болсо, анда жакшы".


ИИМ былтыр 800дөй факт катталып, үч тоннадан ашык маңзат кармалганын билдирген. Алардын арасында милиция кызматкерлери аралашкан канча факт бар экенин тактаган эмес.

Кыргызстанда маңзат соодасына байланыштуу милицияда жогорку кызматта иштегендер колго түшкөн окуялар буга чейин дагы катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG