Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

Путин "Азовсталь" заводуна чабуулду токтотуп, аны курчоону тапшырды


Орусиянын президенти Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу.

Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгуга Мариуполдогу "Азовсталь" заводуна чабуулду токтотуп, орус аскерлеринин өмүрүн сактап калуу үчүн аны курчоону тапшырды.

21-апрелде мамлекеттик телеканалдар чагылдырган жолугушууда Шойгу Путинге "Мариупол бүтүндөй орус армиясынын көзөмөлүндө экенин, ал эми "Азовсталь" толугу менен курчоого алынганын" билдирди.

Путин Шойгуну Мариуполдун "бошотулушу" менен куттуктады.

"Биз азыр биринчи кезекте өзүбүздүн аскерлерибиздин саламаттыгы жана өмүрү тууралуу ойлошубуз керек. Бул өндүрүш аймагын чымын да уча албагандай кылып бөгөттөгүлө", - деди Путин.

Шойгунун айтымында, ири заводдун жер төлөсүндө эки миңдей украин "согушкери" жашырынууда. Ал ошондой эле гуманитардык коридорлор аркылуу 142 миңдей жайкын тургун коопсуз жакка көчүрүлгөнүн кошумчалады. Анткен менен бул маалыматты украин бийлиги четке кагып, согуш башталгандан бери Мариуполдон аз сандагы адам чыгарылганын билдирип келет.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук 21-апрелде "Азовсталь" заводунун аймагында миңдей жайкын тургун жана 500дөй жарадар аскер бар экенин билдирип, аларды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор талап кылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG