Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:18

"Акыркы саатыбыз калды". Мариуполдогу "Азовсталь" үчүн кармаш


Украина, Мариупол. "Азовсталь" заводунун дрондон тартылган сүрөтү.
Украина, Мариупол. "Азовсталь" заводунун дрондон тартылган сүрөтү.

Орусия Мариупол шаарындагы "Азовсталь" заводун коргоп жаткан украин күчтөрүнө багынып берүү талабын койду. Шаардагы украин аскерлеринин командири дүйнө лидерлерине кайрылып, аймактагы жайкын тургундарды жана жоокерлерди үчүнчү өлкөгө чыгарып кетүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

Орус күчтөрү курчап турган Мариупол шаарындагы аянты алты чарчы чакырымдан көп "Азовсталь" заводу украин аскерлеринин акыркы бастионуна айланды. Украин армиясы билдиргендей, 20-апрелдин таңында орус аскерлери бул өндүрүштүк жайга чабуул коюну улантты. Аны улай Орусия заводдогу украин күчтөрүнө жергиликтүү убакыт боюнча 14:00гө чейин куралын таштоо талабын койду.

Украин командиринин кайрылуусу

Заводду коргоп жатканы айтылган Украинанын 36-деңиз аскерлер бригадасынын командири Сергей Волына шаршембиде видео кайрылуу таратып, украин күчтөрү багынбай турганын ишарат кылды. Ошол эле учурда дүйнө лидерлерин Мариуполдогу жайкын тургундарды жана аскерлерди үчүнчү өлкөнүн аймагына чыгарып кетүүгө көмөктөшүүгө чакырды. Анын сөзүнө караганда, заводдо 500дөн ашуун жарадар жоокер, жүздөгөн карапайым тургун, анын ичинде аялдар менен балдар бар.

"Балким биз акыркы күндөрүбүздү, же акыркы саатыбызды жашап жатабыз. Душман көптүк кылып жатат. Бир кишиге ону туура келет. Алардын аба күчтөрү, артиллерия, жөө аскерлери, жабдыктар жана танктары жагынан артыкчылыгы бар. Биз болгону бир объектини - "Азовсталь" заводун гана коргоп жатабыз. Аскердик кызматкерлерден тышкары жайкын тургундар да согушта курман болду. Биз бардык дүйнөлүк лидерлерге жардам сурап кайрылабыз. Бизди үчүнчү өлкөнүн аймагына чыгарып кетүүнү өтүнөбүз", - деди Сергей Волына.

"Азовсталь" заводунун спутниктен көрүнүшү.
"Азовсталь" заводунун спутниктен көрүнүшү.

Орусиянын багынып берүү тууралуу талабы боюнча расмий Киев азырынча маалымат бере элек. Бирок буга чейин украин бийлиги Москванын буга окшош талабын четке каккан.

Ошентсе да Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук шаршембиде саат 2ден тарта Мариуполдон аялдарды, балдарды жана улгайган адамдарды чыгарып кетүү боюнча орус тарап менен макулдашуу болгонун айтты. Бирок 5-марттан бери Мариуполдогу бул сыяктуу макулдашуулар толук ишке ашкан эмес. Кантсе да Мариуполдун мэри Вадим Бойченко шаардан 90 автобус менен 6 миң кишини эвакуациялоо пландалып жатканын айтты.


Украинанын түштүк-чыгышындагы Мариупол шаары марттын башынан бери орус күчтөрүнүн курчоосунда турат. Орусия бул портко толук көзөмөлүн орнотсо, 2014-жылы аннексияланган Крым жарым аралы менен Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарды кургактык аркылуу байланыштырууга мүмкүнчүлүк алат.

Согуш башталганга чейин Мариуполдо 400 миңден ашуун калк жашаса, азыр алардын 100 миңдейи гана шаарда калганы кабарланууда. Калктын бөлүгү калаадан чыгып кеткен. Украин бийлиги Мариуполдо миңдеген жайкын тургундардын өмүрү кыйылганын билдирип келет.

Донбасста кармаш күчөдү

Соңку күндөрү Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышында жаңы чабуулдарын баштап, Донецк, Луганск, Харьков облустарындагы шаар-кыштактарды мурдагыдан көбүрөөк бутага ала баштады. Украин армиясы акыркы 24 сааттын ичинде Донбасста жалпы 10 чабуулдун мизин кайтарганын билдирди.

"Орус күчтөрүнүн Харьков, Донбасс жана Днепропетровск аймактарына багытталган аткылоолору кыйла көбөйдү. Алар кадимки үй-жайларды өз бутасына айландырышты. Бул согушта орус армиясы өзүн эң жырткыч жана адамгерчиликиз армия катары дүйнө тарыхына түбөлүккө киргизмей болду", - деди украин президенти Владимир Зеленский.

Донецк аймагында иштен чыккан орус танкынын жанында турган украин аскери.13-апрель, 2022-жыл.
Донецк аймагында иштен чыккан орус танкынын жанында турган украин аскери.13-апрель, 2022-жыл.

Орусия Украинада жайкын тургундар окко учканын күбөлөгөн далилдерди четке кагып, өз аскерлери аскердик объектилерге гана сокку уруп жатканын кайталап келет. Орусиянын Коргоо министрлиги шаршембиге караган түнү жүздөгөн аскердик жайга сокку урулганын маалымдады.

"Ракеталык күчтөр жана артиллерия аркылуу түндө Украинанын аскердик инфраструктурасынын 1053 объектине сокку урулду. Алардын ичинде 31 башкаруу пункту жана күйүүчү май сакталган алты кампа жок кылынды", - деп билдирди 20-апрелде Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков.

Батыш Киевге артиллерия берет

Ал арада бир катар Батыш өлкөлөрү орус армиясынын чабуулуна каршы туруу үчүн Украинага артиллериялык курал жөнөтөрүн жарыялады. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байдендин Британия, Канада, Франция, Германия, Румыния, Италия жана Жапониянын лидерлери менен 19-апрелде өткөргөн виртуалдуу жыйындан кийин белгилүү болду.

Байден артиллерия Комшо Штаттар Украинага жөнөтө турган кийинки курал-жарак болорун журналисттерге айтты.

Британ премьер-министри Борис Жонсон депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Украинадагы согуш "артиллериянын кармашына" айланарын, Киев мындай куралга муктаж экенин белгиледи.

Украин лидери Владимир Зеленский шейшембинин кечиндеги видео кайрылуусунда Киев өнөктөштөрүнүн кампаларында узак жылдан бери колдонулбай турган курал-жарактарын алигиче сурап келе жатканын айтып, даттанган болчу.

20-апрелде Еврокеңештин президенти Шарль Мишель Киевге күтүүсүз барды. Ал Твиттерге Киевдеги автобекетте тартылган сүрөтүн коюп, «Бүгүн Киевде. Демократиялык жана эркин Европанын борборунда» деп жазды.

Буга чейин Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон жана Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен Украинага колдоо көрсөтүү үчүн Киевге барып кайткан.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG