Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Мариуполдо жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор түзүү сүйлөшүлдү


Мариупол шаарынын тургуну.
Мариупол шаарынын тургуну.

Мариуполдогу аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды чыгарып кетүү үчүн Киев менен Москва 20-апрелде гуманитардык коридор түзүү боюнча бир пикирге келишти. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук маалымдады.

Анын айтымында, эваукация аракети Москва убактысы боюнча саат 14.00дө башталат. Мариуполдун мэри Вадим Бойченко бийлик 90 автобус менен алты миңдей карапайым адамды чыгарып кетүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Калаа башчынын айтымында, курчоодо калган Мариупол шаарында жүз миңдей адам бар. Ал ошондой эле он миңдеген тургун өлтүрүлгөнүн билдирди. Бул сандар канчалык так экенин ырастоо согуш маалында мүмкүн эмес.

Буга чейин 5-марттан бери жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор түзүү аракети ишке ашпай келген. Киев менен Москва бул үчүн бири-бирин айыптап жатышат. (EzK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG