Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Өкмөт 17 медициналык окуу жайды жаба турган болду


Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү медициналык багытта билим берген 24 окуу жайдын он жетисин жабууну көздөөдө. Саламаттык сактоо министрлиги алардын талапка жооп бербей турганын айтууда.

Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын санын кыскартуу демилгесин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтып чыкты.

Ал "Азаттыкка" курган маегинде өлкөдө медициналык багытта билим берген 24 окуу жайдын 17си жабыларын айтты.

“Азыр бул бизнеске айланып, колунан келгендердин баары эле институт-университет ачып алды. Бул абдан чоң акча. Бирок сапаты абдан начар болуп калды. Бизди 10-15 жылдан кийин ким дарылайт, ошону ойлонушубуз керек. Окубай эле “зачет” алып, эптеп-септеп бүткөн дарыгерлер кийин биздин генофондго абдан зыян келтирет”.

Министр ар бир окуу жайды жеке өзү текшерип чыкканын, профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасы талапка жооп бергендери гана калтырылып, калгандары жабыларын кошумчалады.

Кайсы окуу жайлар жабылат?

Министрликтин маалыматы боюнча төмөнкү окуу жайларды жабуу чечими кабыл алынган.

  • АДАМ университети;
  • Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту;
  • Эл аралык медицина жогорку мектеби;
  • Кыргызстандын Эл аралык университетинин медицина институту;
  • Салымбеков университети;
  • "Авиценна" эл аралык медицина университети;
  • ЕУ Эл аралык медицина университети;
  • Эл аралык медицина университети;
  • Роэль Метрополитен Университети;
  • АВС Академиясы;
  • Эл аралык Медицина жана илим университети;
  • Эл аралык Илим жана бизнес академиясы;
  • Бишкек Эл аралык медицина институту;
  • Медико-социалдык илим-изилдөө институту;
  • Кыргыз Медико-социалдык институт;
  • Ош Эл аралык медицина университети.

Алымкадыр Бейшеналиев бул окуу жайлар 1-апрелге чейин клиникалык базасы бар экенин далилдеши керектигин айтууда. Бул мөөнөткө чейин далилдей алса гана алардын тагдыры дагы бир жолу каралмакчы.

Бул окуу жайлардын кожоюндарынын арасында таасирдүү адамдар бар экенин белгилеген министр Бейшеналиев кыскартуу жараяны оңой эмес болорун эскертүүдө:

"Алардын арасында депутаттар, олигархтар, мурдагы премьер-министрге чейинки адамдар бар. Алар каршылык көрсөтөрүн түшүнүп турабыз. Буга чейин Жумабеков (Сабырбек Жумабеков-ред) миң кишини митингге чыгарса, бул жолу жүз миң кишини алып чыгышы мүмкүн".

Бейшеналиев кыскартууга туш болгон окуу жайларда билим алган студенттер талапка жооп берген окуу жайларга которуларын убада кылууда. Анын айтымында, сырттан келген студенттерге сапаттуу билим берүү максаты коюлуп жатат.

Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстанда медициналык билим берген үч мамлекеттик жогорку окуу жайы бар.

Алар – Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы жана Ош мамлекеттик университети менен Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медицина факультеттери. Бул окуу жайлар ишмердигин жүргүзө берет.

Мындан сырткары Улуттук университеттин жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультети жабылганын министр кошумчалады.

Кыргызстанда медициналык окуу жайларды иретке салуу маселеси бир топ убакыттан бери көтөрүлүп келген.

Өткөн апталарда президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш бул жааттагы текшерүү боюнча маалымат таратып, медициналык университеттердин көпчүлүгү талапка жооп бербесин жарыялаган.

Ишкердик кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова талапка жооп бербеген окуу жайларды ачууга кандайча уруксат берилгенин текшерип чыгуу зарылдыгы жаралганын айтты:

"Биз текшерген учурда бир окуу жайда сегиз гана студент окуй турганы аныкталды. Сегиз студенти бар окуу жай лицензияны кантип алганы таң калычтуу. Улуттук университетте медициналык факультет ачып алып, 99 студент окуйт экен. Бирок таптакыр клиникалык базасы, программасы жок. Өздөрүнүн окутуучулары да жок. Дагы бир окуу жайда болгону 53 студент бар экен. Имаратына кирсең баары бардай көрүнөт, бирок бир да студентти көрбөйсүң. Башкача айтканда, окуу жай турат, бирок студент жок".

Муканова кошумчалагандай, медициналык жааттагы окуу жайлар соңку беш жыл ичинде абдан көбөйгөн. Маселен, 2017-жылга чейин жети-сегиз медициналык окуу жай жана факультет болсо, андан бери алардын саны 24кө жеткен.

Анткен менен медициналык окуу жайлардын өкүлдөрү өкмөттүн соңку аракетин өтө кылдат жүргүзүүгө чакырып жатат.

Алар бул окуу жайлар аркылуу Кыргызстан билим берүү экспортун ишке ашырып, өлкө экономикасы жана саламаттык сактоо тармагына салым кошуп жатканын белгилешет.

Кыскартууну дыкат жүргүзүү зарыл

Өлкөдөгү медициналык багытта билим берген окуу жайлардын бири Салымбеков университетинин жетекчиси Амангелди Жумадиловдун айтымында, бул жаатта өкмөт өтө дыкат анализ жүргүзүп иш алып барышы керек.

"Кыскартууну өтө объективдүү карап, реалдуу шартка жараша жүргүзүү керек. Баарын эле жаап салууга каршыбыз. Буга чейин текшерүүлөр болду. Бирок ошонун жыйынтыгында калыс баа берүү зарыл болуп турат. Эгер базасы жок, тиешелүү шарт түзүлбөсө, аны кыскартуу зарыл. Бирок клиникалык базасы бар, талапка жооп берген жеке менчик окуу жайлар бар. Алардын иштешине шарт түзүү керек. Максат жаап салуу эле болбошу керек. Эгер биз жаап салсак, ошол студенттерди коңшу эле Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр алып кетет".

Мындан сырткары жеке менчик окуу жайлардын ишмердигин токтотуунун мыйзамдык негизи да талаш жаратууда. Учурдагы мыйзамдар боюнча алардын лицензиясы сот тарабынан жокко чыгарылышы керек. Дал ушул жагдайды эске салган окуу жай өкүлдөрү Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы аракети канчалык мыйзамга шайкеш келет деген суроону коюшууда.

Мындан сырткары Билим берүү жана илим министрлигинин бул маселе боюнча так позициясы да белгисиз. "Азаттык" аталган министрликке кайрылган учурда бул маселе боюнча комментарий берген жок.

Ал эми жаңыдан министр болгон Алмаз Бейшеналиев буга чейин жеке окуу жайлар аркылуу билим берүү экспортун колдоп келгени белгилүү.

Кыргызстанда соңку жылдары ачылган медициналык жаатта окуу жайларда көбүнесе Пакистандан, Индиядан келген студенттер билим алат. Мындан сырткары коңшулаш Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген студенттер да бар. Өлкөдө медициналык багытта 28 миңден ашык чет элдик жаран билим алат. Алардын 8 миңге жакыны коңшу өлкөлөрдөн болсо, 20 миңдейи Пакистан, Индия, Бангладеш сыяктуу мамлекеттен келгендер.

2020-жылдын октябрь айында Пакистан Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайларды "кара тизмеге" киргизип, өз атуулдарын бул окуу жайларга тапшырбоого чакырган. Буга Кыргызстандан дарыгерлик диплом алган пакистандыктардын 90% Пакистандагы милдеттүү сынактан өтпөй, дипломдору жарабай калганы жүйө келтирилген. Кийинчерек Кыргызстандын төрт медициналык жогорку окуу жайы "кара тизмеден" чыккан.

Өкмөт мамлекеттик ЖОЖдорду колдойт

Өкмөт медициналык окуу жайларды колдоп, клиникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурууга убада берүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академияга жакында Диагностикалык борбордун ордуна ачылган Балдар ооруканасын жана "Ак кеме" мейманкасынын имаратын, Ош мамлекеттик университетинин Медициналык факультетине түштүк борбордогу шаардык оорукананы клиника катары берүү чечими кабыл алынарын билдирген.

Кыргызстанда медициналык билим берүүнү иретке салуу демилгеси буга чейин бир нече жолу көтөрүлгөн. Бирок ал аракеттерден майнап чыкпай, ара жолдо калган. Бул жолу өкмөт жана Саламаттык сактоо министрлиги реформаны аягына чыгарууну убада кылууда.

Кыргызстанда канча чет элдик окуйт?

Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-2022-окуу жылында 83 миңден ашык чет өлкөлүк студент Кыргызстанда билим алып жатат. Бул өлкөдөгү жалпы студенттердин 35% түзөт. Чет өлкөлүк студенттердин басымдуу бөлүгү (59 миңи) КМШ өлкөлөрүнөн келгендер. Мындай студенттердин саны акыркы беш жыл ичинде 7,7 эсеге көбөйгөн. Соңку жылдары Өзбекстандан келген студенттердин саны өсүп, КМШдан келгендердин дээрлик 90% дал ушул өлкөгө туура келет. Казакстандык студенттер акыркы жылдары азайган.

Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттер соңку жылдары 2,7 эсе көбөйгөн. Учурда 24 миң студент билим алып жатат. Индиядан келгендер азайса, Пакистандан келгендер кескин өскөн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG