Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

БУУ Бучада 50 жайкын тургун өлтүрүлгөнүн документтештирди


70 жаштагы Надия Трубчанинова Буча шаарчасында 30-мартта өлтүрүлгөн уулу, украиналык аскер Вадимдин табытынын жанында.
70 жаштагы Надия Трубчанинова Буча шаарчасында 30-мартта өлтүрүлгөн уулу, украиналык аскер Вадимдин табытынын жанында.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсеси Орусиянын Украинадагы аракеттери согуш кылмыштары деп мүнөздөлүшү мүмкүндүгүн билдирди. Кеңсенин маалыматына ылайык, 9-апрелде Улуттар Уюмунун миссиясы Украинанын Буча шаарчасында 50 жайкын тургун мыйзамга каршы келген жагдайда өлтүрүлгөнүн документтештирген. Алардын айрымдары соттун чечими жок өлүм жазасына тартылган.

"Миссияга Киев, Чернигов, Харьков жана Сумы аймактарындагы шаарларда 300дөн ашуун жайкын тургундар өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматтар келип түштү. Алардын баары орус күчтөрү февраль айында жана март айынын башында аймактарды көзөмөлдөп турган учурда болгон", - деп билдирди Адам укуктары боюнча жогорку комиссардын басма сөз өкүлү Равина Шамдасани.

Ал далилдерди сактоо жана адамдардын сөөктөрүнүн калдыктарына сый-урмат менен мамиле кылуу маанилүү экенин кошумчалады.

Орусиянын аскерлери Украинанын түндүгүнөн чыгып кеткенден бери жүздөгөн жайкын тургундардын сөөгү, көп адам бирге көмүлгөн жерлер ачыкка чыгып жатат. Москва өз аскерлери Украинада карапайым жашоочуларга ок атпаганын кайталап келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясы 24-февралдан 20-мартка чейин Украинада 2345 жөн-жай тургун өлтүрүлгөнүн, 2919 киши жаракат алганын ырасташты. Бирок уюм согуштун курмандыктарынын чыныгы саны мындан кыйла көп экенин эскертүүдө.

Украин бийлигинин өкүлдөрү орус тарап март айынан бери тынымсыз сокку урган Мариуполь шаарында эле миңдеген жайкын тургундар мерт болгонун билдирип келет.

XS
SM
MD
LG