Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:50

Өзбек дипломаттары Киевге кайтты


Киев.
Киев.

Өзбекстандын Украинадагы элчилиги 22-апрелден баштап Киевдеги ишин толук жандандырды. Бул тууралуу расмий Ташкент маалымат таратты.

Орусия Украинага басып киргенден кийин көп мамлекеттер элчиликтерин Киевден башка жакка көчүргөн. Өзбекстандын дипломаттары убактылуу Львов шаарында иштеп жаткан.

Мурдараак Британия Украинанын баш калаасы Киевдеги элчилигин кийинки аптада кайра ача турганын өкмөт башчы Борис Жонсон билдирген.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери 5 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө качты. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG