Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Чек ара кызматы "Достуктагы" тыгындын чоо-жайын түшүндүрдү


"Достук" көзөмөл өткөрүү жайы.
"Достук" көзөмөл өткөрүү жайы.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөл өткөрүү жайында 23-апрелде жаралган тыгындын чоо-жайын түшүндүрдү. Расмий маалыматта мындай көрүнүш Кара-Суу базарындагы дүң соода күндөрү кайталанып турары айтылат.

Ошондой эле, көзөмөл өткөрүү жайында курулуш иштери жүрүп жаткандыктан, жүгү бар жана жүксүз жарандар бир коридордон өткөрүлүүдө. Тыгынды азайтуу максатында өздүк курам көбөйтүлүп, бардык паспорт көзөмөл кабиналары иштеп жатат.

23-апрелде кечки саат сегизден кийин "Достукта" 200гө жакын адам топтолгон. Расмий маалыматка ылайык, бул күнү аталган өткөрүү жайынан 10 миңден ашуун адам эки жакка каттады.

"Достук" - кыргыз-өзбек чек арасында күнү-түнү иштеген көзөмөл өткөрүү жайы. Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда Ташкент катаал эрежелери киргизип, бул жерде күнүгө жүздөгөн кишилердин тыгыны жаралып турган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG