Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

Балбан Эрназар Акматалиев Азия чемпионатында күмүш байге утту


Эрназар Акматалиев Кыргызстандагы иш-чаралардын биринде.
Эрназар Акматалиев Кыргызстандагы иш-чаралардын биринде.

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медал тагынды.

Ал бүгүн, 23-апрелде эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта финалда жапонияык Тайши Нарику менен беттеште жеңилди. Таймаштын 1-айлампасында ал 3:1 эсебинде алдыга чыккан. 2-айлампада жапон балбаны эки упай алууга үлгүрүп, эсепти теңеп жеңишке жетти.

Акматалиев чейрек финалда индиялык Навен Навенди 6:3, жарым финалда монголиялык Темуулен Энхтуяны 12:6 эсебинде уткан.

Улан-Батордо 19-апрелде башталган Азия чемпионаты 24-апрелге чейин уланат.

Бүгүн Эрназаровдон сырткары кыргызстандык Алмаз Сманбеков күрөштүн бул түрүнөн 57 килограмм салмакта коло байге алды.

Алдыда Арсалан Будажапов дагы 79 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттешет. Эркин күрөш боюнча таймаштар эртең дагы уланат.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде башталган. Чемпионаттын алгачкы эки күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтүп, кыргызстандык балбандар Тынар Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алтын уткан. Роман Ким, Адилхан Нурланбеков, Үзүр Жусупбеков коло байге алышкан.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медал тагынды. (SE/ECh)

XS
SM
MD
LG