Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Балбан Эрназар Акматалиев Азия чемпионатынын финалына чыкты


Эрназар Акматалиев. Норвегиянын Осло шаары. 2021-жыл.
Эрназар Акматалиев. Норвегиянын Осло шаары. 2021-жыл.

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Кыргызстандык спортчу 23-апрелде алтын байге үчүн жапониялык балбан Тайши Нарикуни менен беттешет.

Эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта күрөшүп жаткан Эрназар Акматалиев биринчи беттешинде Индиядан келген атаандашы Навин Навинди 6-3 эсебинде жеңди. Жарым финалдык таймашта жергиликтүү монголиялык балбанды 12-6 менен утту.

23 жаштагы Эрназар Акматалиев 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн эркин күрөш боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган. Ушул эле жылы Сербиянын Белград шаарында болгон күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпиону аталган.

Ал 2021-жылы Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарына катышкан. Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2018-жыл).

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Улан-Батор шаарында 19-апрелде башталган. Таймаштар 24-апрелге чейин уланат. Мелдештин алгачкы эки күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтүп, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы үч алтын, үч коло байге алды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы 76 килограммдык салмакта алтын, Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынды. (BTo)

XS
SM
MD
LG