Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Ооганстандагы чабуулдарда бир жумада кеминде 50 бала каза болду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

БУУнун Балдар фонду - ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, акыркы бир аптада Ооганстандагы жардыруулардан кеминде 50 бала набыт болду.

Жекшемби күнү фонддун аймактык директору Жорж Ларя-Ажеи балдардын өлүмүнө байланыштуу сандар көбөйүшү ыктымалдыгын белгилеп, жеткинчектер Ооганстанда адам укуктарынын одоно бузулушунан көз жумганын билдирди.

Анын айтымында, Кундуздагы Мавлави Секандар мечитинде жума күнкү жардыруудан кеминде төрт баланын өмүрү кыйылды. Көбү оор жараат алды.

21-апрелде үч шаарда бир катар террордук актылар болуп, ага "Ислам мамлекети" (Кыргызстанда тыюу салынган) экстремисттик тобу жоопкерчилик алган.

Бишкек Мазари-Шариф шаарындагы мечитте ишке ашырылган жардырууну айыптап, Орозо айындагы бул террордук чабуулду мусулмандарды бөлүп-жаруу аракети деп мүнөздөгөн. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG