Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Донбасстагы жикчилдердин аймагында ЕККУнун кызматкерлери кармалды


ЕККУнун кызматкери Луганск аймагында. 10-ноябрь, 2022-жыл (Иллюстрация).
ЕККУнун кызматкери Луганск аймагында. 10-ноябрь, 2022-жыл (Иллюстрация).

Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик республикалары" деп атап алган жикчил түзүмдөр көзөмөлдөгөн аймактарда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун бир нече кызматкери кармалды. Бул маалыматты баш кеңсеси Венада жайгашкан уюм 23-апрелде ырастап, кызматкерлерин бошотуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү караштырып жатканын билдирди.

"ЕККУ Донецк жана Луганскиде атайын мониторинг жүргүзүү тобунун бир нече өкүлүнүн эркиндиги чектелгенине терең тынчсызданууда", - деп айтылат уюмдун Твиттердеги билдирүүсүндө.

ЕККУнун басма сөз катчысы Донбасста канча кызматкери ким тарабынан кармалганын так айтуудан баш тартты. Бул уюм март айында 500дөй байкоочуларын Украинадан чыгарып кеткен болчу.

"Азаттыктын" орус кызматы жазгандай, ЕККУнун миссиясы 2014-жылдан бери Украинада, анын ичинде Киевге баш ийбеген райондордо да мониторинг жүргүзүп келген.

1-апрелде уюмдун бул миссиясы ишин токтоткон. Буга Орусиянын миссиянын мандатын жокко чыгарганы себеп болгон. Донбасстагы жикчил түзүмдөр ЕККУнун кызматкерлеринен апрель айынын соңуна чейин аймактан чыгып кетүүнү талап кылган.

Ишемби күнү өздөрүн "Луганск элдик республикасы" деп атап алган жикчил топтун жетекчилери ЕККУнун айрым кызматкерлерин "тыңчылыкка" айыптаган. Бирок алар уюмдун кызматкерлери кармалганын такташкан эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG