Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Донецк: Орусиянын ракета соккусунан эки өспүрүм курман болду


Донецк аймагындагы Славянск шаарынан качкан эне жана кыз. 16-апрель, 2022-жыл.
Донецк аймагындагы Славянск шаарынан качкан эне жана кыз. 16-апрель, 2022-жыл.

Орусия Украинага басып киргенден бери кеминде 213 өспүрүмдүн өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы 24-апрелде билдирди. Маалыматка ылайык, согуштан 389 бала жаракат алды.

Украинанын башкы көзөмөл органы бул сан өзгөрүшү мүмкүндүгүн, куралдуу кагылышуулар жүрүп жаткан аймактарда согуштун курмандыктарын аныктоо иши жүрүп жатканын белгиледи.

Донецк облусунун губернатору Павел Кириленко билдиргендей, жекшемби күнү орусиялык күчтөрдүн артиллериялык аткылоосунан аймакта 5 жана 14 жаштагы эки кыз каза тапты. Ал Телеграм каналына жазгандай, Очеретино шаарчасында өспүрүм кыздар жашаган имаратка снаряд тийген.

Украин өкмөтүнүн маалыматына ылайык, 23-апрелде өлкө түштүгүндөгү Одесса шаарындагы ракета соккусунан каза тапкан кеминде беш кишинин арасында үч айлык ымыркай да бар.

Орусиянын армиясы Украинада жайкын тургундарга ок атканын моюнуна албай келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG