Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Баткен жана Сохтун акимдери суу көйгөйүнө байланыштуу жолугушту


Эки тараптуу жолугушуудан тартылган сүрөт.
Эки тараптуу жолугушуудан тартылган сүрөт.

Баткендеги Ширеч суу алуучу түйүнүн, суу каналын оңдоп-түзөө Өзбекстандын Сох району менен эки тараптуу макулдашылды. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев "Азаттыкка" билдирди.

22-апрелде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн тургундары район борборуна чогулуп, Өзбекстан аркылуу суу келбей жатканына нааразы болушкан. Алар суу жоктугунан эгин талаалары зыян тартканын айтышкан.

Аталган айыл өкмөткө суу Өзбекстан менен макулдашылбаган аймакта жайгашкан Ширеч суу алуучу түйүнүнөн келет. Район жетекчилиги бул түйүн оңдоого муктаждыгын айтууда.

Жоробаев Сохтун акими Саидбахром Саидмусаев менен 23-апрелде чектеш аймакта жолугуп, маселени талкуулашканын, көйгөй чечилгенин айтты.

"Учурда суу алуучу түйүндө кыргыз тараптын суучулары иштеп жатышат. Бир-эки күндө суу берилет", - деди Жоробаев. (SE\JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG