Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Одессага сокку урулду. Набыт болгондордун арасында үч айлык ымыркай да бар


Орус аскерлери ишембиде Одессага ракеталык чабуул жасаганда бери дегенде сегиз адам көз жумду. Набыт кеткендердин арасында үч айлык ымыркай менен анын апасы жана чоң энеси да бар экенин украин бийлиги маалымдады. Үй-бүлөсүнүн өлүмүн Одессанын тургуну Юрий Глодан тастыктады.

Украинанын "Түштүк" абадан коргонуу ыкчам командачылыгы Каспий деңизинин акваториясынан кеминде төрт канаттуу ракета атылганын кабарлады. Баштапкы маалыматтарга караганда, эки ракета атып түшүрүлгөн, дагы экөө аскердик объектиге жана эки турак жайга тийген.

Социалдык түйүндөрдө ракетадан зыян тарткан көп кабаттуу турак жайдын сүрөтү жана видеосу тарады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский чабуулдан сегиз жай тургун, анын ичинде үч айлык наристе набыт болгонун айтып, сокку ургандарды "сасык бейбаштар" деп атады. Буга чейин Украина президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак беш киши каза болгонун билдирген.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусияны терроризмдин демөөрчүсү катары таануу керектигин айтты. "Орусиянын Одессага ракеталык чабуулдарынын бирден-бир максаты - террор", - деп жазды Кулеба "Твиттерге".

Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталык чабуул фактысын тастыктап, жогорку тактыктагы ракеталар "АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн келген чет элдик курал-жарактын ири партиясы сакталган Одессанын жанындагы аскердик аэродромдогу логистикалык терминалды иштен чыгарды" деп маалымдады.

Одесса фронт линиясынан алыс, бирок бул стратегиялык маанилүү шаар мезгил-мезгили менен ракеталык чабуулдарга кабылып турат.

Орус аскерлери Украинага басып киргенине эки айдын жүзү болду. Согушта миңдеген адам набыт кетип, миллиондогон эл бозгунга айланды. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG