Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:59

Шинжаңдан качкан кыргыз АКШ Конгрессинде сүйлөйт


Шинжаңдагы кайра тарбиялоо лагери. 2018-жыл
Шинжаңдагы кайра тарбиялоо лагери. 2018-жыл

Жума ичинде дүйнөлүк басылмаларга чыккан сереп.

Овалбектин Шинжаңда көргөн кордугу

Eurasianet басылмасы 21-апрелде жарык көргөн макалада Шинжаңдагы мурдагы туткундардын Эл аралык кылмыш сотундагы көрсөтмөлөрү Кытайдын улуттук азчылыктарды куугунтуктоосу адамзатка каршы кылмыш болуп эсептелерине ынандырмак деген темага кайрылган.

Мичиган университетинин бүтүрүүчүсү, журналист Жолдас Орисбаев теги кыргыз, христиан динин туткан Овалбек Турдакундун таржымалын мисал келтирген.

Шинжаңдагы "кесипке үйрөтүү" борбору. 4-сентябрь 2018-жыл
Шинжаңдагы "кесипке үйрөтүү" борбору. 4-сентябрь 2018-жыл

Автордун айтымында, Шинжаңдан чыккан этникалык кыргыз, үстүбүздөгү айда америкалык бир нече конгрессмендин көмөгү менен Кыргызстандан АКШга барган.

2018-жылы Турдакун Шинжаңдагы лагерде 10 ай отуруп чыккан. Ал жакта психологиялык кысым, кыйноо көргөнүн, кылмыш кылдым деген кагаздарга кол койдуруп алышканын айтып берген.

Кийин Турдакун үй камагына которулуп, 2019-жылдын аягында ага Кыргызстанга чыгууга уруксат берилген. Кыргыз бийлиги ага эки жылга өлкөдө жашоого уруксат берип, былтыр документин узартуудан баш тарткандан кийин Турдакун Кытайга депортация болуу коркунучуна кабылган. Макалада анын жубайы Кыргызстандын жараны экени айтылат.

Журналист укук коргоочуларга таянып, Бээжин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жарандарын оңой эле кайтарып аларын, Турдакун депортациядан качып кутулган сейрек кишилердин бири экенин белгилейт.

Андан ары макалада Шинжаңдагы азчылык өкүлдөрүнө каршы репрессияларды АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы “геноцид” деп атаганы, укук коргоочу активисттер Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотун Бээжинди жоопко тартууга үндөп келишкени айтылат. Бирок Кытай ал сотко кошулбагандыктан трибуналдын юрисдикциясына кирбейт.

Автор ошол эле маалда эл аралык сот Тажикстан өңдүү үчүнчү тараптын далилдерин карап көрүү ыктымалдыгын кыйытканын жазат.

Эмне дегенде ал өлкө 1998-жылы эл аралык кылмыш трибуналын түзүүнү караган Рим статутун ратификациялаган. Кыргызстан документке кол койгону менен, ратификациядан өткөрө элек, ал эми АКШ макулдашуудан чыгып кеткен.

Орисбаев келтирген маалыматка караганда, 2016-2018-жылдардын аралыгында Тажикстанда жүргөн 3 миңдей уйгур Кытайга күчтөп кайтарылган, Кыргызстандан болжол менен 4 миңдей уйгур депортацияланган.

Басылма Чыгыш Түркстандын бозгундагы өкмөтүнө таянып, Турдакун Шинжаңдагы лагерде башынан кечиргендерди АКШ Конгрессинде ачык айтып берүүгө макул болгон алгачкы киши деп белгилейт. Автор анын таржымалы кыргыз медиасынын көз жаздымында калганын да кошумчалаган.

Кытай СССРди жактаган тасма тартты

Le Monde 16-апрелдеги санында Бээжиндеги кабарчысы Фредерик Лемэтрдин материалына орун берди. Журналист Орусия Украинага кол салардын алдында эле, 22-февралда Кытай коммунисттик партиясы СССРдин ойрон болушу тууралуу бир жарым сааттык даректүү тасманы кеңири коомчулукка шардана кылбай интернетке жайгаштырганын жазган.

“Тарыхый нигилизм жана Советтер союзунун ыдырашы” деп аталган фильм партиянын кадрларды даярдоо ишинин алкагында көргөзүлүп, кийин интернетке чыкты. Автордун айтымында, Батыш Украинадагы согуштун фонунда Москва менен Бээжиндин жакындашуусун алдын алууга аракет көргөн маалда бул тасма Си Цзинпин менен Владимир Путиндин идеологиялык окшоштугун далилдейт.

Никита Хрущев. 6-октябрь 1962-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Никита Хрущев. 6-октябрь 1962-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Лемэтр фильмдин мазмунуна кеңири токтолгон. Анда баяндалгандай, СССРдин башына түшкөн балээнин баары 1956-жылы америкалык New York ­Times гезитине Никита Хрущевдун Сталинди сындаган макаласы жарык көргөндө башталган. Тасмада сүйлөгөн орусиялык тарыхчы Хрущевдун доклады 90 пайызга калп болгонун, бирок Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) үчүн жакшы өбөлгө түзгөнүн айткан.

Фильмдин авторлору Батыш Советтер союзун жаманатты кылуу үчүн көп аракет көргөн деген оюн да ортого салып, СССРде тыюу салынган чыгармасы үчүн Борис Пастернакка Нобел сыйлыгын ыйгарууну, Александр Солженицын баш болгон диссиденттерди колдоону мисал келтирип, 1950-1982-жылдары өлкөнүн экономикасы гүлдөп өскөн деп эсептешет.

Журналист "Си Цзинпиндин тушундагы Кытай үчүн Михаил Горбачев медианы либералдаштырып, Сталиндин саясатын кайра карап чыгуу аракети менен СССРди кыйраткан адам болуп саналат" деген жыйынтык чыгарат.

"Ал эми Борис Ельциндин мезгилине учкай эле токтолгон тасмада Путин тууралуу көбүрөөк баяндалган. Ал “батыштагылар айткандай, тарыхты кайра жазып чыккысы келбейт, нигилизмге каршы турууну көздөйт” деп сүрөттөшкөн тасманын авторлору. Алар ошондой эле СССРдин ыдырашынан кандай сабак алса болорун тизмектеп чыгышкан", - деп жазды Le Monde.

Франция: шайлоо астындагы эрөөл

The Guardian гезити Франциядагы президенттик шайлоону утурлай экинчи тур алдында талапкерлер ортосунда дебат өткөрүүнүн 50 жылдык тарыхына кайрылган.

Кабарчы Жон Хенли айрым учурларда финалдык эрөөл добуш берүүнүн жыйынтыгына чоң таасир эткенин белгилейт.

Макрон менен Лен Пендин дебаты. Париж, 20-апрель 2022-жыл
Макрон менен Лен Пендин дебаты. Париж, 20-апрель 2022-жыл

Бул саясий салт 1974-жылы Социалисттик партиянын төрагасы Франсуа Миттеран менен ошол кездеги финансы министри Валери Жискар Д Эстендин беттешүүсүнөн баштап калыптанган. Миттерандын байлыкты кайра бөлүштүрүү “акылдын гана эмес, жүрөктүн маселеси болууга тийиш” деген сөздөрүнө министр “жүрөккө монополияңыз жок, Миттеран мырза” деген жообун узаткан. Ал дебат дал ушунусу менен эсте калган. Ошондо Жискар Д Эстен шайлоодо жеңген.

1981-жылы кайра эле ушул жуп экинчи айлампага чыкканда Миттеран реванш алууга аябай умтулган. Саясатчынын президентке “Сиз өткөн чакты сөз кылгыңыз келбейт. Мен муну түшүнөм. Сиз өткөн доордун адамысыз” деп айтканы көрүүчүлөргө чоң таасир эткен. Социалисттердин лидери бир нече күндөн кийин жеңүүчү аталган.

Жети жылдан кийин Миттеранга өз кабинетинин премьери, оңчул Жак Ширак менен беттешүүгө туура келген. Ошондо Ширак атаандашын президент эмес, “Миттеран мырза” деп атап, “бүгүн мен премьер эмесмин, сиз президент эмессиз, тең ата талапкербиз" деп кыйыткан. Бул сөздөрүнө Миттеран “Туура айтасыз, премьер мырза” деп жооп берген. Мамлекет башчы ошондо экинчи мөөнөткө шайланган.

1995-жылы Ширак социалисттердин жаңы талапкери Лионел Жоспенди жеңген. Ал жолку эрөөл атаандаштардын бири-бирине өтө сыпаа мамиле кылганы менен эсте калган.

Ал эми 2002-жылы дебат өткөрүлгөн эмес. Эмне дегенде экинчи турга ашынган оңчулдардын лидери Жан-Мари Ле Пендин чыгышы саясий айдыңды "титиреткен". Ширак “Улуттук фронттун” жетекчиси менен беттешүүдөн баш тарткан.

Кийинки дебат беш жылдан кийин өткөн. Себеби Конституцияга президенттик мөөнөттү кыскарткан жобо киргизилген. Экинчи айлампага жеткен биринчи аял талапкер Сеголен Руаял менен Николя Саркозинин дебаты учурунда болочок президент “Сөөмөйүңүздү кезегенди токтотуңуз!” деп ачууланган. Буга социалисттердин өкүлү “Адилетсиздикти көргөндө салкын кандуу боло албайм” деген жообун узаткан.

2012-жылы Саркози дагы бир социалист - Франсуа Олландга утулуп калган. Дебаттын аягында Олланд үч мүнөттүк кайрылуусунда ар бир сүйлөмүн “Мен, президент катары...” деп баштаганда атаандашы сөз таппай калган.

Ал эми мындан беш жыл мурдагы эрөөлдө азыркы талапкерлер Эммануэл Макрон менен ашынган оңчул саясатчы Марин Ле Пендин беттешүүсү добуш берүүгө олуттуу таасир эткен. Эмне дегенде өзүн башынан эле агрессивдүү алып жүргөн Ле Пен адашып, чаташып, кагаздарын барактап, оюн жоготуп жатты. Ошол кездеги экономика министри Макрон анын каталарын баса көргөзүп, элди ынандыра алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG