Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:26

Макрондун сүйүүсүн урматтагандар көп


Эммануел жана Бриджит Макрон
Эммануел жана Бриджит Макрон

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (1-7-май)

Франциянын президенттигине талапкер, 39 жаштагы Эммануэл Макрондун аялы Бриджит азыр 64тө. Экөөнүн ортосундагы 24 жаш айырма Макрондун француз аялдары арасында добуш топтоосуна себеп болдубу деген маселени The Washington Post гезити иликтеген. Мугалими Бриджитти Эммануэл 15 жашында сүйүп калган. Үч балалуу, күйөөсү бар Бриджиттен оолактатуу үчүн Эммануэлди ата-энеси Парижге жибергени менен мугалим-окуучунун ортосундагы ашыктык оту өчпөй, акыры Бриджит ажырашып, Эммануэлге турмушка чыккан. Буга чейин президенттик жарышта толук жеңишке жетиши ыктымал делген улутчул Марин Ле Пен менен мурда-кийин коомчулукка өтө тааныла элек Макрондун жарышта теңме-тең чыгуусуна айрымдар анын аялы ортосундагы адаттан тыш жаш айырмасы себеп дешүүдө. Негизи эле президенттер арасында өзүнөн улуу аялга үйлөнгөндөр буга чейин кездешкен эмес. Бриджит Макрондун энесинин жашында. Ал эми АКШ ажосу Дональд Трамптын жубайы өзүнөн 24 жаш кичүү, Трамп анын атасындай жашта. Франциянын мурдагы президенттеринен эч кимиси өзүнөн улуу аял алган эмес. Николя Саркозинин да аялы өзүнөн алда канча кичүү эле. Париждеги стилист Мартин Бергосси: "Эмнеге аялдар өзүнөн кичүү эркек менен мамиле курса коомчулук одоно көрүнүш катары кабыл алат? Бул кадыресе эле көрүнүш болуусу керек", - деген пикирде. Француз аялдарынын көбү Макрондун жубайы өзүнөн бир кыйла улуу экенин билгенден кийин ага добуш беришкенин айтышкан. Кандай болгон күндө да Макрон никеде калыптанып калган аялы күйөөсүнөн кичүү болушу керек деген түшүнүккө "сокку урду" деп жазат The Washington Post.

Борбор Азиядан оолактаган АКШ

Forbes журналына Дональд Трамптын администрациясынын Борбор Азияга байланышкан жаңы саясий стратегиялык планы тууралуу макала чыкты. Анда аймактагы беш өлкөгө мындан ары көмөк берүүчү программалардын каржылык суммасы көрсөтүлгөн. Казакстан менен Түркмөнстан Кошмо Штаттарынан эми акчалай көмөк албайт. Себеби бул эки өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгү өзүн багууга жетиштүү деп табылган. Тажикстан жана Кыргызстандагы колдоо программалары уланганы менен каржылоо кыскарат. Ал эми Өзбекстанга болсо тескерисинче каржылык көмөктүн көлөмү көбөйөрүн кабарлаган Forbes: "АКШнын Чыгыш Азия жана Борбор Азия аймагына колдоосун кыскартуусу бул аймакта Кытай менен Орусиянын таасирин арттырышы ыкмытал", - деп жазат. Ал арада Жапониянын The Japan News басылмасы Орусия менен Кытайдын кыл ортосунда, стратегиялык маанилүү жерде орун алган Борбор Азиянын беш өлкөсүнө Жапония кызыкдар экенин кабарлады. "Аймактагы беш өлкөнүн Түндүк Корея менен дипломатиялык байланышы бар. Ушундан улам Жапония бул өлкөлөр менен аскерий кызматташтыкты арттырышы керек. Анын үстүнө Казакстан мунай, уран кенине, Түркмөнстан болсо табигый газга бай. Тоо койнунда жайгашкан беш өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жаңы жолдорду, аба майдандарын, темир жолдорун курууну колдоого жапон бийлиги аймакка 24 миллион йена берип, жылына 2 миңдей кызматкерин акысыз окутат", - деп маалымдайт The Japan News.

Кытайга караганда АКШда кедейлер көп

Кытайдын China Daily гезити өлкөдөгү жакырчылык деңгээли Кошмо Штаттарына салыштырмалуу төмөндөгөнүн маалымдады. Дүйнөлүк Банктын эсебине караганда, 1981-жылдан 2012-жылга чейин Кытайда 500 миллион киши күнүнө 1,90 долларга гана тиричилик кылчу. 2014-жылы аталган уюм Кытайдагы жакыр калктын деңгээлин 4,1 пайыз деп чыгарган. Ал эми АКШда бул көрсөткүч 13,5 пайызды түзөт."Кытай эми АКШны экономикасы менен да басып өтөрүнө аз калды. Мындай ийгиликке калктын жапырт шаарга көчүүсү, алыскы аймактарды өнүктүрүп, жумушсуздукту жоюусу өбөлгө болду. Буга кошумча социалдык төлөм да жакшырды. 2001-жылы Кытай Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден бери кедей жашаган атуулдар үч жылдын ичинде үч эсеге азайган. Нобел сыйлыгын алган экономист Артур Люис 1954-жылы жакырчылыкты жоюунун башкы факторлору элдин жапырт билим алуусуна жана отурукташып жашоосуна шарт түзүү деп жазган. Мына ушул принцип азыркы Кытайда өтүмдүү болууда. АКШ президенти Дональд Трамп бийликке келерде көмүр казуу жана болот өндүрүшүн өнүктүрүү менен миңдеген жаңы жумушчу орундарын камсыз кылам деп убада берген. Бирок өндүрүштү гана эсепке алуу менен элдин акыбалын оңдоо өтө кыйын. Азык-түлүк коопсуздугу, саламаттык кепилдиги деген орчундуу маселелер азыркы АКШнын күн тартибинде. Ал арада Кытайда 2017-жылдагы ички дүң өнүм 6,5 пайыз болору мерчемделип, жыл башынан бери эле бул көрсөткүч 2 пайызга жетти", - деп жазат China Daily гезитине аналитик Крис Петерсон.

85 жаштагы карыя Эверестке чыга албай көз жумду

Непалдык 85 жаштагы адам Эверест чокусун багындырып, Гиннес рекорд китебине катталууну каалаган. Бирок ал жарым жолдо каза тапканын Time журналы кабарлады. Бахадур Шерхан 6-май күнү Эверест тоо кыркасында жан берген. Ал тоодо бара жатканда жүрөк талмасына кабылган. Бахадур карыя 76 жашында алгач ирет бул чокуну багындырып, дүйнөдөгү эң кары Эверест чокусуна чыккан адам катары катталган. Бирок андан кийин 2013-жылы жапониялык сексендеги Юичиро Миура анын рекордун жокко чыгарган. Тоого чыгардын алдында Шерхан Associated Press агенттигине маек куруп, чокуну багындыргандан кийин дүйнөдөгү согуш жүрүп жаткан аймактарды кыдырарын айткан. Жакындарынын айтымында, ал бул жүрүшкө бир нече айдан бери даярданып, саламаттыгы да жакшы болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG