Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги Киевге кайтуу маселесин карап жатат


Идрис Кадыркулов.
Идрис Кадыркулов.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги жакында Львовдон Киевге кайтуу маселесин карап жатат. Азырынча так датасы белгисиз. Элчи Идрис Кадыркулов "Азаттыкка" билдиргендей, Киевдин жергиликтүү аскердик органдары дипломатиялык өкүлчүлүктүн баш калаага барышы бир аз кооптуу экенин айткан.

Орусия Украинага басып киргенден кийин башка мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын элчилиги да өлкөнүн батышына - Львовго көчүрүлгөн.

Кадыркулов элчилик ал жакта толук кандуу иштеп жатканын, узаган аптада кыргызстандык жети киши Украинадан чыгарылып, Будапешт жана Кишинев аркылуу мекенине узатылганын маалымдады. Анын айтымында, согуш башталгандан бери ал жактан жүздөгөн кыргызстандыктар коопсуз аймакка чыгарылды. Львовдо иштеп жаткан айрым элчиликтер Киевге кайтып жатат, арасында Британия, Өзбекстандын өкүлчүлүктөрү бар.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, 5 миллиондон ашуун украин жараны бозгун болду. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG