Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

Латвия Украинадагы орус агрессиясынын курмандыктарын эскерет


Ригадагы мемориалдык эстелик.
Ригадагы мемориалдык эстелик.

Латвия Сейми 9-майды фашизмди жеңген күн эмес, Орусиянын Украинадагы согуштук агрессиясынын курмандыктарын эскерүү күнү деп белгиледи.

Бул күнү өлкө боюнча аза күтүү жарыяланып, бардык майрамдарга тыюу салынат.

Буга чейин 9-май Ригада "Советтик армиянын жоокерлери — Советтик Латвияны фашисттик баскынчылардан бошоткондорго" арналган мемориалдык комплексинин жанында майрамдалып келген.

Иш-чарага он миңдеген адамдар катышып, орусиялык артисттер концерт беришчү.

"Эми 9-майда Латвияда мындай болбойт", - деп айтылат Сеймдин депутаттары кабыл алган мыйзамда. (SE)

XS
SM
MD
LG