Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Азия чемпионаты: Жолдошбеков менен Орозбеков коло байге алды


Исламбек Орозбеков менен Улукбек Жолдошбеков.
Исламбек Орозбеков менен Улукбек Жолдошбеков.

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбандар Улукбек Жолдошбеков менен Исламбек Орозбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байге алышты.

24-апрелде Улукбек Жолдошбеков 61 килограмм салмакта коло байге үчүн индиялык Мангал Кадян менен күч сынашып, 6-4 эсеби менен жеңди. Ал биринчи беттешинде өзбекстандык спортчу Жахонгирмирза Туробовду 6-2 менен уткан. Жарым финалда жапониялык Рей Хигучиге 14-4 эсеби менен жеңилип калды.

26 жаштагы Улукбек Жолдошбеков 2020-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында эркин күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону болгон. Ага чейин эки жолу Азия чемпионатынын коло байгесин тагынган (2016-жыл, 57 кг, Баңкок. 2018-жыл, 61 кг, Бишкек). 2019-жылы 23 жашка чейинки спортчулар арасында эркин күрөштөн Азиянын жана дүйнөнүн чемпиону аталган.

Исламбек Орозбеков Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында 74 килограмм салмакта биринчи беттешинде Түркменстандын спортчусу Атамурат Чарлыевди 9-0 менен уткан. Жарым финалда казакстандык атаандашы Нуркожа Кайпановго 15-8 эсеби менен утулуп, үчүнчү орун үчүн күрөштө өзбекстандык Ихтиёр Наврузовду жеңип алды.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде башталган. Мелдештин алгачкы эки күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтүп, кыргызстандык балбандар Тынар Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алтын уткан. Роман Ким, Адилхан Нурланбеков, Үзүр Жусупбеков коло байге алышкан.

21-22-апрель күндөрү кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медал тагынды.

23-апрелде эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алмаз Сманбеков менен Арсалан Будажапов коло байге алган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG