Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:43

Балбан Муслим Евлоев Азия чемпиону болду


Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында 74 кг. салмакта байге ээлерин сыйлоо аземи. Бишкек. 4-март, 2018-ж.
Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында 74 кг. салмакта байге ээлерин сыйлоо аземи. Бишкек. 4-март, 2018-ж.

Бүгүн, 4-мартта Бишкекте жыйынтыктала турган күрөш боюнча Азия чемпионатында эркин күрөштөн кыргызстандык балбан Муслим Евлоев алтын медал тагынды. Ал финалда монголиялык Мндахнаран Ганзори менен беттешип 11:1 эсебинде таза жеңишти камсыздады.

Муслим Евлоев алтын байге үчүн таймашка чейин үч беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын артыкчылык менен жеңген. Алгач тажикстандык Сорбон Абдулхаевди 11:0, чейрек финалда түркмөнстандык Довлетмурат Оразгылыжовду 12:2, жарым финалда ирандык Мостафа Мохаббали Хоссейнханини 8:4 эсебинде утуп алган эле.

Бул чемпионатта эркин күрөштөн Кыргызстандын капчыгына коло медалды Улукбек Жолдошбеков алып келди. 61 кг. салмакта күрөшкөн Улукбек Жолдошбеков 3-орун үчүн таймашта ирандык Иман Мохтар Садеггхикоуканденди жеңип алды.

Бүгүн килемге чыккан эркин күрөшчүлөр Мурат Рамонов (125 кг.), Динисламбек Таалайбек уулу (86 кг.) жана Бактияр Карагулов мелдештерин байгесиз жыйынтыкташты. Күрөштүн бул түрүнөн кечээ Эламан Догдурбек уулу жана Айбек Усупов коло байге үчүн беттеште жеңилишкен.

27-февралда башталган күрөш боюнча 31-Азия чемпионаты бүгүн аяктайт. Грек-рим күрөшү боюнча мелдештерде Кыргызстандын курама командасы бир алтын, үч күмүш жана төрт коло байге алып командалык эсепте 1-орунду алды. Кыз-келиндер күрөшүнөн Кыргызстанга таандык коло медалды Мээрим Жуманазарова алды. (ECh).

XS
SM
MD
LG