Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Азия чемпионаты: балбандарга бак конду


Азия чемпиондугунун коло байгесинин ээси Улукбек Жолдошбеков менен өзбекстандык Махмуджон Шавкатовдун чейрек финалдагы беттеши.
Азия чемпиондугунун коло байгесинин ээси Улукбек Жолдошбеков менен өзбекстандык Махмуджон Шавкатовдун чейрек финалдагы беттеши.

Кыргызстандык балбандар Таиланддын Бангкок шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунда үч алтын, эки күмүш, беш коло байгенин ээси болушту. Грек-рим күрөшүнөн Каныбек Жолчубеков, Жанарбек Кенжеев жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиону аталышты.

Спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу 17-февралдан 21-февралга чейин Таиланддын Бангкок шаарында өттү. Ага 20дан ашуун мамлекеттин балбандары катышып, 24 комплект медаль үчүн грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүнөн күч сынашты.

Алгач грек-рим күрөшүнөн балбандар килемге чыгып, Кыргызстандан үч балбан алтын байге үчүн күрөштү. 130 килограммга чейинки салмакта Мурат Рамонов ирандык Амир Мохаммадалиге жеңилип, күмүш байге тагынды. 59 килограммга чейинки салмакта Каныбек Жолчубеков финалда ирандык Саман Морад Абдолини 9:4 эсебинде утуп, Азия чемпиону аталды. Жолчубеков бул беттешке чейин Индия, Жапония жана Түштүк Кореянын балбандарын ири айырма менен утуп, финалга чыккан.

Кыргызстандык Жанарбек Кенжеев менен өзбекстандык Мухаммадали Шамсиддиновдун Азия чемпиондугундагы таймашы. 18-февраль, 2016-ж.
Кыргызстандык Жанарбек Кенжеев менен өзбекстандык Мухаммадали Шамсиддиновдун Азия чемпиондугундагы таймашы. 18-февраль, 2016-ж.

Грек-рим күрөшүнөн 85 килограммга чейинки салмакта Жанарбек Кенжеев да алтын медал үчүн таймашта өзбекстандык Мухаммадали Шамсиддиновду 3:2 эсебинде утуп алды.

Кенжеев алтын үчүн таймашка чейин чейрек финалда кытайлык Лианг Конгту 7:1, жарым финалда индиялык Шобхит Кумарды 14:0 эсебинде жеңген. Жанарбек Кенжеев 2014-жылы Азия чемпиону болгон эле. 75 килограммга чейинки салмакта Руслан Царев жана 98 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жусупбеков 3-орун үчүн беттеште атаандаштарын утуп, коло медал тагынышты. Мелдеш жыйынтыгында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы командалык эсепте Иран жана Казакстандын курамасынан кийин үчүнчү орунду ээлешти.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, серепчи Алмаз Касенов балбандардын күч сынашуусун жогорку деңгээлде деп баалап, бул жетишкендиктерди 2007-жана 2008-жылдардагы кыргыз балбандарынын ийгиликтери менен салыштырды.

- 2007-жылы Кыргызстанда өткөн Азия чемпиондугунда грек-рим күрөшүнөн Канатбек Бегалиев менен Данияр Көбөнов Азия чемпиону болуп, үч балбаны коло байгени алып, жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду алышкан. Ал эми 2008-жылы Руслан Түмөнбаев, Канатбек Бегалиев жана Данияр Көбөнов финалда күрөшкөн. Ал кезде Түмөнбаев чемпион болуп, Бегалиев менен Көбөнов күмүш медал тагынышкан. Быйыл дагы үчөө финалга чыгып, эки алтын, бир күмүш, эки коло байгени алып командалык эсепте үчүнчү орунду алышканы чоң ийгилик. Булардын жетишкендиги кыйын. Бирок Азия чемпиону болуу сыймык. Эми алар үчүн алдыда Астанада боло турган мелдеште олимп оюндарына жолдомо үчүн беттештер бар.

Кыз-келиндер күрөшүнөн кыргызстандык үч балбан кыз күч сынашууга чыгып, алардын арасынан 58 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова финалда казакстандык Айым Абдилдинаны утуп чемпион аталды.

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова жана казакстандык Айым Абдилдина. 20-февраль, 2016-ж. Бангкок.
Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова жана казакстандык Айым Абдилдина. 20-февраль, 2016-ж. Бангкок.

Тыныбекова бул мелдеште Корея, Индия жана Монголиянын өкүлдөрүн жеңип, финалга чыккан. Финалдык беттештин биринчи бөлүгүндө Абдилдина 1:0 эсебинде алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө Айсулуу Тыныбекова эки упай алып, 2:1 эсебинде жеңип чемпион аталды.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуу Тыныбекованын алган байгеси чоңдор арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргызстандын эсебиндеги алгачкы алтын медаль экендигин айтты.

- Буга чейин Айсулуу Тыныбекова жаштар арасында Азия чемпиону болгон. Чоңдор арасында бир жолу коло байгени алып, 2014-2015-жылдары катары менен күмүш медалды тагынган. Бул сапар Кыргызстандан Азия чемпиону болгон алгачкы өкүл болуп калды. Буюрса, алдыда олимпиадага жолдомо бериле турган мелдештерге катышып, жолдомо алуу үчүн даярдык көрөт.

Эркин күрөштөн Магомед Мусаев 97 килограммга чейинки салмакта финалга чыгып, ирандык Реза Мохаммад Али Язданиге жеңилип, күмүш байге алды. Ошондой эле Саякбай Усупов (74 кг), Улукбек Жолдошбеков (57 кг) жана Айаал Лазарев (125 кг) коло медалын тагынышты. Улукбек Жолдошбеков үчүнчү орун үчүн беттеште түштүк кореялык Сунгвон Кимди 26 секундада эле килемге жыгып, таза жеңишке жетишти. Мелдеш жыйынтыгында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы командалык эсепте 23 өлкөнүн арасынан бешинчи катардан орун алды.

Эркин күрөш боюнча СССРдин жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбаев Кыргызстандын эркин күрөш жаатында жылыштар бар экендигин айтты.

- Айаал Лазарев былтыр Азия чемпиону болду эле. Бул сапар жарым финалда казак балбаны менен күрөшүп, 6:6 эсебинде мелдеш аяктап, акыркы упайды казак балбаны алганы үчүн жеңишти албай калды. Саякбай Усупов менен Улукбек Жолдошбеков чоңдор арасындагы мелдешке быйыл гана чыгып байге алышты. Алардан келечекте көп нерсени күтсө болот. Магомед Мусаев мурда Азия чемпиону болгон. Бул сапар финалда да утууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Кулагы ооруп, сак-сактап жатып толук күрөшө албай Иран балбанына утулуп калды окшойт. 65 килограммга чейинки салмакта Улукман Маматов дагы жакшы күрөшө баштап, катачылыкка жол берип утулуп калды. Эркин күрөш боюнча балбандарыбыздын деңгээли көтөрүлүп баратат. Балбандардын быйылкы күч сынашуусун көрүп, буюрса, олимп оюндарына жок дегенде эки жолдомо алып калабыз деген үмүт бар.

Азия чөлкөмүндөгү балбандар арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча олимпиадага жолдомо үчүн мелдештер 26-30-март күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтөт. Учурда балбандардан жалгыз гана грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиевде Бразилияда быйыл жайында боло турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо бар.

Азиядан алтын тагынгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG