Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Садыр Жапаров өкмөт башчы алмашарын төгүндөдү


Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаров.
Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетери тууралуу сөздөргө учкай комментарий берди. Ал Фейсбуктагы баракчасына "ушундай ушак кептерди, интригаларды кимдер таратып жатат? Алмашпайт эч кандай", деп жазды.

Буга чейин, февраль айында Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “коомчулукта Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинетинде кадрдык өзгөртүүлөр болот деген маалымат чындыкка дал келбейт”, деп маалымат тараткан.

Анда “Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинети узак мөөнөттүү болот. Өкмөттүн алдында дымактуу тапшырмалар турат", -деп жазылган.

Акылбек Жапаров өкмөт башчы болуп былтыр октябрда дайындалган жана ошондон бери социалдык тармактарда анын кызматтан кетери тууралуу сөздөр маал-маалы менен чыгып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG