Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:50

Кутудан чыкпай жүрүп өчкөн өмүр


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орус жазуучусу Антон Чехов аңгеме жанрынын чебери катары таанылган. Мына ушул чакан, сыйымдуу формада ал адам турмушунун жөнөкөйлүгүн жана татаалдыгын кемелине келтире сүрөттөп берген. Бул ирет анын “Кутудагы киши” аңгемеси тууралуу кеп кылабыз.

Мугалим

Окуя аңчылыктан башталат, мал доктур менен гимназия мугалими мергенчиликке чыгып, кыштактын четиндеги айыл башчынын үйүндө конок болуп түнөп калышат.

Үй ичиндеги үптөн качып, сыртта сарай үстүндө жыйылган чөптө жатышып, мергенчилердин бири үйдүн байынын зайыбы кыштактан сыртка бир да жерде болбогонун кеп кылып калса, экинчиси таманы жер жыттабай жер кыдырып жүргөндүн эмнеси жакшы деп кобурашып отурушту. Гимназия мугалими жакында эле грек тил мугалими каза болгонун, маркумдун жүрүм-туруму баарын таңдантканын, жай саратанда күпчүйүп калың кийинип алып кол чатарын түшүрбөй көтөрүп жүргөнүн айтты.

“Кызыгы кол чатыры, сааты, ал тургай карандаш учтоо үчүн сууруп чыккан бычагы дагы кутучада боло турган. Пальтонун жакасын тик көтөрүп жүргөндүктөн бети дагы кутучада жүргөндөй туюлчу. Анан калса, үстүнө бешмант кийип, көзүнө күңүрт көз айнек тагынып, кулагына кебез тыгып алар эле. Ал тургай, арабага отурса дагы сөзсүз түрдө үстүндөгү чүмбөтүн түшүрүп коюуну буюрчу. Бир сөз менен айтканда, бул адам өзүн дайыма кандайдыр бир кыртыш менен курчап алууга, башкача айтканда, өзү үчүн айланасындагылардан коргой турчу кандайдыр бир кутуча жаратып алууга аракеттенчү. Коомдук турмушта болуп жаткан нерселер ал үчүн жат болгондуктан көпчүлүккө кошула бербей, ар кыл той-тамашалардан өзүн оолак кармай турган. Өзүнүн мындай жүрүм-турумунан сыр алдырбас үчүн ал такай өткөн мезгил менен катар эле эч качан болуп көрбөгөн нерселерди көтөрө чаап мактачу. Өзү окутуп жаткан байыркы көөнө тилдер ал үчүн чыныгы турмуштан жашынып калган ошол эле көлөч менен кол чатыр сыяктуу кызмат кылышчу”.

Чеховдордун үй-бүлөсү. Таганрог. 1874-1875-жылдарда тартылган сүрөт. Антон Чехов (экинчи катарда, оңдон экинчи)
Чеховдордун үй-бүлөсү. Таганрог. 1874-1875-жылдарда тартылган сүрөт. Антон Чехов (экинчи катарда, оңдон экинчи)

Беликовго жаңынын баары жакчу эмес, жалаң эскини көксөп, дүйнөдөгү толгон тилдердин арасынан грек тили гана уккулуктуу экенин айтып сөөмөйүн чычайтып “антропос” деп койчу. Айланасындагылардын баарын кутуга тыгып, тыйып койгусу келчү. Гезитке чыккан кабарга айныксыз ишенип, жогортон түшкөн буйрутма катты акыйкаттын жеткен чеги деп эсептечү. Губерниялык буйрутмада окуучулардын кечки саат 9дан кийин көчөдө жүрүшүнө тыюу салынган, ошол талап так аткарылышы керек дечү. Ал эми бир ишке уруксат берүү ал үчүн адаттан тыш нерсе эле. Балекет басып бир балээ болуп кетпесе болду деп кабатырланып турчу.

Кимдир бирөө чиркөөгө кечиксе же гимназияда окуган кыз кечинде кайсы бир аскер жигит менен катар басып жүргөнүн көрсө башын чайкап, шайтан басып бир балээ болуп кетпегей эле деп санаа тарта берчү. Ал эми мугалимдердин кеңешинде балдардын жүрүм-туруму бузулганын бир айтып токтобой, эки айтып токтобой, тентектик кылган Петров менен Егоровду гимназиядан чыгаруу талабын улам-улам коюудан тажачу эмес. Күңгүрөнүп онтоп бир сөзүн жүз кайталоодон чарчабаган мугалимдин талабына баш ийип, аягында тентек деген эки окуучуну гимназиядан чыгарышты.

“Биз мугалимдер андан коркоор элек. Биз эле эмес, андан директордун өзү дагы коркоор эле. Бизди, көп нерсеге көзү каныгып, Тургенев менен Щедриндин чыгармаларынан тарбия алган мугалимдерди ар убак бутунан көлөчү, колунан кол чатыры түшпөгөн ушул адам – дээрлик он беш жыл кыңк эттирбей кармап келди. Гимназия эмне болуп калыптыр? Бүтүндөй шаарды кармап турду го, чиркин! Демейде, мээге чай кайната калчу катындар дагы Беликов билип калбагай эле деген ой менен чамгаракташып, ишемби күндөрү “бекер концерт” тартуулай калчу өнөрлөрүн, ал эми дин кызматкерлери карта оюндарын токтотушкан. Ошентип, Беликов өңдүү адамдардын таасири алдында акыркы он-он беш жыл ичинде шаар тургундары бардык нерселерден, айталы – катуу сөз сүйлөөдөн, кимдир бирөөгө кат жазуудан, кимдир бирөө менен таанышуудан, китеп окуудан, багар-көрөрү жокторго жардам берүүдөн, кимдир бирөөнүн кат таанып, сабаттуу болуусуна көмөк көрсөтүүдөн коркуп калышкан”.

Жазуучу Антон Чехов. 1899-жыл. Крым, Ялта.
Жазуучу Антон Чехов. 1899-жыл. Крым, Ялта.

Көпчүлүктөн обочолонуп “кутуга” кирип алган Беликовдун жайын айтып жаткан гимназия мугалими Буркин анын кошунасы болчу. Ошондон анын жеке турмушун мыкты билчү. Баарынан шектенип, чочулаган Беликов майлуу тамак ден соолукка зыян деп, бирок таптакыр май жебей коюш да мүмкүн эместигин билип, уйдун майына куурулган балык жегенди жактырчу. Бирөөлөр шектенип же жаман ойлоп калбасын деп ал үй кызматчысына аялдардан алчу эмес. Ал иштерди жашы 60тан ашып калган Афанасий деген жарым эс киши аткарчу.

Керебет

Бир нерсе болуп кетеби деп корккон Беликов керебетине да көшөгө тартып, жатканда жууркандын ичине башын катып чүмкөнүп алчу. “Мештеги отун гүүлдөп күйүп, үй ичи мончодогудай ысып”, а бирок жарым эс Афанасий кирип келип мууздап салабы деп болбогон нерселерден коркуп, түнү менен коркунучтуу түштөрдү көрүп чыкчу. Түнү менен тердеп-кургап кыйналып, жакшы уктабай чыккан мугалим гимназиядагы окуучулардын чуру-чуусун, кубалашкан балдарды жаман көрчү.

Ошентип өзүн-өзү чектеп, баарынан чочулап, айланасын жылчыксыз тосуп алган Беликовдун турмушунда да жаркын бир окуя болуп өттү. Гимназияга тарых жана география мугалими болуп келген Михаил Коваленконун Варенька деген жайдары жакшы карындашы бар экен.

Шакылдаган ачык, күлкүчү Варенька гимназия мугалимдери менен директордун туулган күнүндө таанышып, “кичи орустардын” – украиндердин тили грек тилине окшошуп кетерин айтып, экөөнүн аңгемеси уланып кетти. Кесиптештер арасында экөөнү үйлөнтүп койсок эмне болот деген суроо жаралды. Баарысынын эсине ушул келбептир, бири 40тан, экинчиси 30дан өтүп калган аял-эркек бирге түтүн булатканга каршы боло коюшпас.
Аялдар четин чыгарса макул дегендей болгон окшойт, агасы менен майда-чүйдөгө урушуп чогуу жашаганды кайсы кыз кааласын. Маселе эми Беликовдо калды, кесиптештери ага үйлөнүү керек, аябай зарыл экенин ачык айта башташты. Беликов да макул көрүп, ага Варвара Савинишна жагарын айта баштаган. А бирок ортодо кызык маселе жаралып калбаспы, кыздын агасы Беликовду жактырчу эмес.

Анан эмне болуптур дебейсизби? Кайсы бир бейбаш карикатура тартыптыр: анда Беликов кол чатыр көтөрүп, шымынын багалегин түрүп алган, бутунда – көлөч. Жанында аны колтуктай басып Варенька келе жатат, төмөн жагында: «Арзуусу күч алган антропос» деген жазуу. Таппасаң сыйпалап кал! Тим эле укмуш. Образын так ачып бергендигине караганда сүрөтчү анын үстүндө бир нече күн иштегендей. Ошентип эркектер жана аялдар окуган гимназиянын мугалимдеринин, семинария мугалимдеринин, ошондой эле аткаминерлердин бардыгынынын колуна бирден сүрөт тийди. Албетте, сүрөттү Беликовго дагы беришти. Сүрөт ага өзгөчө жагымсыз таасир калтыргандыктан, көзү караңгылап, көңүлү ооруду.

Ошондон көп өтпөй гимназия мугалимдери менен окуучулары шаар четиндеги токойго сейилге бармак болушканда ал жерге Варвара агасы экөө велосипед тээп келишкени Беликовдун маанайын түшүрүп ачуусун келтирди. Анын оюнча, “аял кишинин велосипед тепкени – акыр замандын келгени эмеспи!” Ал эми кыздын агасы болсо жаш баладай дардаңдап “такай жеңи чолок көйнөк кийип” жүрөт, китеп колтуктап алат, анысы аз келгенсип “кайдагы бир велосипед” тээп алышканы кимге жаксын. Варваранын агасына түшундүрөм деп барса, анысы жакасынан кармап сыртка чыгарып артына бир тепти. Беликовдун тепкичтен жыгылып түшкөнүн көргөн Варваранын күлгөнүчү. Мындай кордукка чыдабаган Беликов үйүнө келип ооруп калды, эч ким менен сүйлөшпөйт, унчукпай чүмкөнүп жатат.

Орусия, Таганрог. Антон Чехов чоңойгон үй. Азыр мемориалдык музей. 2009-жыл.
Орусия, Таганрог. Антон Чехов чоңойгон үй. Азыр мемориалдык музей. 2009-жыл.

Бир айдан кийин Беликов өлүп калды. Биз аны жалпы баарыбыз, тагыраак айтканда, гимназия менен семинария жамааты биригип жерге бердик. Табытта жатканында жүзү тамылжып, мага анын ажары ачыла түшкөндөй көрүндү. Ал тургай, мына бул жарыкчылыктагы түмөн түйшүктөрдүн бардыгынан кутулуп, өзү каалап жүргөн кутучасына биротоло келип жаткандыгына курсант боло:

-Мына бул жерден мени эми чыгарып көргүлө! – деп ууртун тарта жылмайгансыйт. Ооба, чын-чынына келгенде ал өзүнүн көксөп жүргөн нерсесине жетти! Тажыясына келгенибизде анын урматы үчүн болуп жаткансып аба-ырайы бузулуп, себелеп жамгыр жаап жаткандыктан, биз баарыбыз бутубузга көлөч кийип, колубузга кол чатыр көтөрүп алган элек. Тажыясына катышып, топурак салып калуу үчүн Варенька да келген эле. Тажыясы бүтүп, табытты көргө түшүрүп жатканда бышактап ыйлап жиберди.

Беликовду тиги дүйнөгө узатып келаткандардын ичинде кандайдыр бир кубануу бар эле. Ал эркиндик деген сезим болчу, ага жетиш, жытын сезиш, даамын татыш кызык дүйнө тура.

- Ошону айтпайсыңбы, – деди Иван Иваныч тамекисин күйгүзүп жатып. Шаардын ызы-чуусунан, ашыккан адамдар агымынан тажаган экөө кыял менен сезимдерге батып кетишти.

- Шаарда – мээ кайнаткан ысыкта жашап, кажети не пайда-батасы жок кагаздарды толтуруп, кимдир бирөөлөргө жөнөткөн болуп, эртели-кеч кабинеттен чыкпай отурганыбыз же болбосо өмүр бою Кудайдан жөө качкан акмактардын, “төө десең, бээ деген” дөөпөрөстөрдүн, “эки айылды эриктирбеген, бир айылды бириктирбеген” узак кулак ушакчы катындардын арасында жашап, болор-болбос нерсеге арданып, "э кокуй, эл эмне дейт?" деп жашап келе жаткандыгыбыздын өзү эмне кутуча эмеспи?

Эки шаардык өзү жашаган жерди болушунча жамандап уктоого кам урушту. Акыйкатта да, ызы-чуу, ашыккан адамдар агымында бир келген өмүрдү кор кылып жашоо кечирүүнүн максаты не? Беликов го мейли, коом өзү жасап алган бир шоркелдей экен, бечара, а калгандарычы? Баарысы өзүн-өзү кысып, өзүн-өзү ооздуктап, ысыгы-суугу, жыргалы-кууралы аралашкан шаардан кетпей, анын утурумдук жыргалына ыраазы болуп, өзүн-өзү жооткотуп жашап жатышпайбы!

Ошондо кутуга, аяк-быягы тосулган тордо ким жашап калат? Бутту кенен суна албай, аягың талыганча узак баса албай, бир жерден экинчисине жөө жете албай, араба же машине күтүп, өзүңдү кыйнап, төрт тарабы кыбыла кутуга түшүп калган ким?

Антон Чеховдун өмүр жолу, чыгармачылыгы өзгөчө кызыгууну жараткан инсан. Кесиби дарыгер, жолунун узактыгына, кыйындыгына карабай ал Сахалинге чейин барып, орус турмушунун өзгөчө оор, кыйын каскак-касабын жашырбай ачык жазган. Улуу сүрөткер илешкен дарттын азабын аябай тарткан. Дарыгерлик кесипти тандап алышы да мына ушул жеке турмуш көйгөйүнөн чыккан.

Орус адабиятынын “алтын доору” аягына чыгып, “күмүш заманына” өтүп бараткан чакта адабиятка кирген улуу таланттын көркөм ачылышы адабиятта майда-чоң тема жоктугун, өкүнүчкө, майда-чоң сүрөткер бардыгын аныктап бергенинде болду окшойт. Көлөмү жагынан чектелүү майда жанрды баса олтурганы менен, ал ири эпикалык полотно жараткандар менен бир катарда турат. Көркөм сөз кудурети деген ушул.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG