Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:18

Жесирдин күйүтү, унутулган салт


Иллюстрация сүрөт. Кыргыздын боз үйү
Иллюстрация сүрөт. Кыргыздын боз үйү

Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү Насыпбек Асанбаевдин “Унутулган салт” аңгемесинде ушу тапта коомчулукта чоң талкууну жаратып жаткан ысырапкорчулук, туугандык катыш, жакырчылык, каада-салттын опсуз татаалдашып кеткени, куру намыс басымдуулук кылып, улуттун чыныгы нарк-насили унутта калганы көркөм жазылган.

Анда көркөм дүйнө менен реалдуу дүйнөнүн окшоштугу менен жалпылыгы баяндалган. Бул чыгарма анын жакында жарык көргөн "Дудук" аттуу жыйнагына кирген.

Жесирдин күйүтү

Автокырсык каш-кабактын ортосунда болгондуктан Каныш Кабылдын өлгөнүн биле элек болчу. Машине ала-салып баратканда “курду тартынбай калды эле, курду тартынбай калды эле” деген гана ой мээсине орноп, көз ирмемде дүйнө аңтар-теңтер болуп кетти. Мындайда өмүр менен өлүмдүн эрегиши жетер чегине жетип, аласалып бараткан машине ичиндегилердин ойлоого деле буямасы келбей калат экен.

Мына азыр оорукананын суук бөлмөсүндө өзүнө келип, кайра эсин жоготуп жаткан келиндин сезиминин тээ тереңинде кайдамын деген бүдөмүк ой турду. Кыйкырайын дейт үнү чыкпайт, каалгып абада жүрөт, басайын, чуркайын дейт, таштай оор зыл нерсе көкүрөгүн басып, дем алышы оорлоп, башы чыңалып, жарылып кетчүдөй кысат. Алыстан бирөөнүн шыбыры угулуп жатты, “кайрат кылыңыз, сактай албай калдык” деп атканын үзүл-кесил укту. Кимди айтып атат, кимге ушинтип жатат? Кабыл кана, жанында эмес беле! Кабылды айткылачы, деп кыйкыргысы, бакыргысы келет, үнү өзүнө жетпей, кыйналып жатты. Тиги дүйнөнүн оозунда жатып да Кабылын эстеп атпайбы, каргаша ушунчалык оор, катуу болорун эстебептир. Кайда, эмне болуп жатат, деми не кыстыгат, денеси эмнеге ооруйт?! Балакет азап деген ушул окшойт, сулк жатат, бирок ой-сезими чабак атып, тирүүлүктүн шек-шыбаасын билдирип, караңгылыкка дегдеңдетип жетелеп алып кетпей, тирүү кармап туру.

Өлүм менен тирүүлүк ортосунда чабак атып, каражаны менен алек болгону, көрсө, азап-тозоктун башталышы эле экен. Кыйындык, тозок дегениң апыл-тапыл тигиле салган боз үй ичинде тура. Суугун айт. Кызы менен уулу чыңырып ыйлап, оорудан өзүнө келе элек Каныш көз алдында болуп жаткандарды өңүндө же түшүндө экенин биле албай деңдароо. Муну баары Кабылы келсе өзгөрүп, жашоо-тирдиги баштагы калыбына келчүдөй. Отурган жеринен умтулуп тургусу келген аялды жанындагылары кармап, бир нерселерди айтып жатышат. Анысы кулагына кирсе кана! Сыртта бирөөлөрдүн бакылдагы жаңырыктайт, боз үй тигилгенин, базарга ким барарын, бирөө казан издеп, башкасы өзүнө тийиштүү жумушту аткарып жатканын үзул-кесил эшитти. Эмне кылып жатышат? Топураган кишилер эмнеге бул жерге келишти? Кабыл кана? Ичи муз менен таш болуп калган караңгы боз үйгө киргизишти. Кабыл ушул жерде дешти окшойт.

“Көргөзбөй эле койгулачы. Такыр таанылгыс болуп калыптыр” деди арттан бирөө. Бирөө болсо “Мейли көрсүн. Биротоло көксүнү сууйт” деди. Кимге эмне көргөзүшкөнү жатканын билгеним жок. Бир маалда жетелеп келип капшыттагы килемди көтөрүп киргизишти. Сундуйган бирөө жаткан экен. Үстүндөгү жабууну ачып көргөзүштү. “Кабылың менен коштошуп кал, кургур” деди бирөө. Карс-курс эле дей түштү туш тарап. Машине аласалып, айнектер чачырап кетти. Бул жолу боз үй да кошо тоголонуп баратты. “Машинебизде боз үй бар беле?” деген ой мээме зып эте калды ошондо. “Кокуй кармагыла! Эсин жоготуп койду. Суу!” деген үндөр алыстан угулуп барып дымырап калды”.

Андан кийинкиси элес-булас. Бозоргон дубалдар, “түнү менен жөөлүп чыкты бечара” деп бирөө жанында суу кармап турганы. Анын суу ичер алы жок. Үйдүн ак дубалдары үрүл-бүрүл эсинде калыптыр. Бир маалда эсине келсе бирөөлөр “тезирээк мал сойбосок болбойт” деп жатканын укту. Кайда өзү? Кабылдын аталаш тууганы ылайыктуу малым жок деп коюптур. Дагы бирөө баары бир мал союлушу керектигин баарына угуза айтып жатыптыр. Андан кийинкисин Каныш уккан жок, балдары менен боз үйдө кээде өзүнө келип, кайра эсин жоготуп, сыртта эмне кеп болгонун угар чамасы жок болчу. Мээси чыңалып, деми кыстыгып, кээде өзүнө келип, кээде келбей, эс-мас отурду. Ыйлаганга дарманы деле калбаптыр.

Союш

О, кыйладан кийин айылдык келиндер жөлөп-таяп сыртка чыкса бир жактан табышкан окшойт бир жерде мал союлуп, короонун башка жагында от жагылып, бирөө бээден 20 чучук жөн эле чыгарын айтып, башка бирөө “Кабылдын Уазына ушул жылкыны бериптирби” деп сураса, экинчи бирөө үстөгүнө акча беришерин айтып, карызга берилген мал ээси калган акчасын кийин өндүрүп аларын айтып, пейили ток сүйлөп турду. Туугандын ушундайда пайдасы тиерин айтышып, киши өлгөндө салт боюнча мал союларын, тууган-тушкан, куда-сөөк топо салганы келишерин, аларга эт тартпай узатуу жосунда жоктугун, дагы башка биртоп сөздөрдү укту. Канышка баары бир эле. Кабылынан ажырап, капыс келген кайгыга мүңкүрөгөн кызы менен уулу – үчөө күчүн ыйдан чыгарышып, эчен күн кошок айтып, эзилип ыйлап отурду. Кабылы жок суук үйдү шуу үшкүрүк басып, кыйла күн батачылардын аягы тыйылбады.

Киши көп келди дешти. Баягы жылкыдан кийин кайдан табышканын ким билсин бир уй союшкан. Анын акчасын келин өзү таап берди. Бир боорукер эжеси бар эле ошо карызга таап келип берди деди. Туугандар менен көз көрсөткүсү келгендерден чогулган акча жай казгандарга, майда-чүйдөгө кетти. Балдары менен отуруп калышты. Туугандары чогуу келишип кыркылыгын өткөрүштү, суук боз үй чечилди. Келиндин кошогу токтолбоду. Келип-кетип аткан кишилерге деле абай салбай, ич күйүтү менен болду. Кабылсыз жашоонун кызыгы жок, үйү да чоочун сезилип, күйүткө катуу малынды. А бирок тирүүлүк өтө берет экен.

“Кийин билсем ошол арада жумушуман да чыгарып коюшуптур. Ооба, айлап-айлап ишке чыкпаган жумушчунун кимге кереги бар дешсе керек. Уазды болсо ойлогон жокмун. Жаныш байке ломбарддын кагазын карматып “50 миң төлөйт экенсиң. Ай сайын 3000ден берип тур” дегенде “макул” деп койгом. Ошону менен ал кагазы кайда калганын да билбейм. Барган да, чалган да жокмун. Ага бергидей акчам да, убактым да болгон жок”.

Күйүткө батып отурган келин ким кимден канча акча алганын, карызын деле билчү эмес. Бир күнү Жаныш байкеси келип, куран окуп, экөө отуруп калышканда үңкүйүп отуруп “баягыда бээ алганга 40 миң коштум эле. Ошол керек болуп калды” деп атпаспы. Эмне демек, “макул берели” деп узатты. Бул үйдүн тирилигин Кабыл кылдыратып турчу. Машинесин тындырбай айдап акча таап келчү. Аялынын тапканы тамак-ашка жетчү.

Акча табыш, карызды кайтарыш ушунчалык оор болорун ал ушул ирет билди. Бечара эжеси акча таап берейин дейт, бирок колунда жок, синдисинин абалына күйүп-күйүп тим болду. Акыры бираз акча таап берди. Ошону Жанышка берсе отуз миң качан болот деп түнөрүп капа болуп кетти. Ал бечара акчаны бирөөдөн карызга алып берген экен, ошонусу коколоп атыптыр.

“Баягы авариядан кийин сол капталым сыздап ооруканага баралбай жүргөм. Кыймылдасам эле зыркырайт. Бир жерим үзүлүп кетчүдөй болот. Бирок аны айтканым жок. Кечээ Кабылдын достору келип жамандык-жакшылыкка деген ыражасынан 10 миң берип кетишти эле. Ошого көрүнсөмбү деп катып отургам. Катылган жеринен сууруп чыгып карматтым. Жаныш байке ошондо деле түнтөйүп отуруп араң кетти. Ал кеткенден кийин бүк түшүп жатып алып дагы буркурап ыйладым. Балдарым келип мага кошулуп ыйлады. Соороткон киши болгон жок. Ошол бойдон буркурап жатып ачка уктадык. Түнү менен Кабылды издедим...”

Көп өтпөй үстөк пайызы менен акча берген аял келиптир, анысы кечиккен сайын акчасы кошула берет дейт. Аялдын колунда бир тыйыны жок, эмне демек, үндөбөй отуруп узатты. Акчасы жерге кирсин капталы сыздатпай ооруп, кыймылдаган сайын жанын көзүнө көрсөтүп жаткан.

Анан бир күн тигиге-буга деген карыздарын эсептеп чыкса 150 миң сомдун тегерегинде экен. Үйүндө да жей турган тамагы калбаптыр, карандай чай менен кара нанды катыратып отуруп калышты. Баягы үстөк пайызы менен акча берген аял келип үйүн сапырып, чатакты катуу баштады. Айласы кеткенде Кабыл чуркап жүрүп үй салабыз деп алып койгон жеринин документин карматты. Дагы жакшы тиги булкунган катын “болду эми, келбейм” деп кетти. Ошону менен көңүлдү өйүткөн чоң карыздардын биринен кутулду. Кабыл жок үйдү өзү кантип салат, балдары жаш, күндөн-күнгө күчөп бараткан оорунун азабын тартып кыйналып кеткенде өлүп эле калсам деп тиленчү болду.

Кыйынчылык адамды чыйралтат окшобойбу, кабырга сөөгү ката элек уулу бир күнү эрте чыгып кеткен боюнча кечинде үйгө азыноолок тамак алып келиптир. Кесмесин кайнатып ысык ичип отуруп калышты. Балдары мектепке барбай калышкан. Оорунун азабын тартып ордунан тура албай жатса үйдүн кожоюну келиптир эки айдын акысын төлөп койгула деп. 24 миң сомду кайдан табат? Тигилер түшүндү окшойт, унчукпай чыгып кетишти.

Анан бир күнү түнөрүп Жаныш тууган дагы келиптир, кичине кызуу, карызды бербейсиңерби деп демитип кирди:

“Ансыз да сыздап отургам. Чыдай албай мен да качыра жооп кайтардым.

-Жоон санымды кесип берейинби? Уят болгондо эмне, өлүп ал дегени турасыңбы? – дедим.

-Копурай, кайра коркутасыз да ой! Ушу силерди шерменде болбосун, тууган-урукка уят болбосун деп таап берип отурсам кайра күпүлдөгөнүңүз кандай? Мен мал таап келип союп бербегенде бу салт билбеген неме деп бүтүндөй эл-журтка шерменде болмоксуз! – деп опурулду. Бирок мен да токтоп тура алганым жок.

-Салт эле салт дейсиңер, ушубу силердин салт билгениңер? Жетим-жесир экенине карабай акыркы быдырын саттырып, карызга карматып коюп союш жегенди эле салт дейсиңерби? Салттын эт жеген, мал сойгон жагын эле билип, калганын унутуп калгансыңарбы силер? Көзү өтүп кеткен адамдын бала-чакасын жетим кылбай туугандары асырап алат деген салтты унутуп, канча кишиге канча эт тартылат деген жагын эле эстеп калдыңарбы? Тууган-тууган дейсиңер, тигине тууганыңар бала туруп ар кимге малай болуп жүрөт. Андай салт билги экенсиңер ошондон уялбайсыңарбы?”

Оору жеп, андан да карыз доолап келгендердин коркутуп-үркүтүүсүнөн жедеп жүрөкзаада болгон байкуш буга чейин ичинде топтолгондун баарын ошондо төгүп салды. Жетим-жесир кийин кантип жашайтты ойлобой карызга батырып, бир эмес эки союшту жара тартып, жабылып келип эт жеп кетишкенин, минтип ооруп жатса бириси келип абалын сурабаганын, бир буту көрдө турган байкуш өлүп калса уулум менен кызымды күрөөгө коюп дагы бир бээни союп эт жеп кеткиле деди, дагы биртоп сөздү айтып салды.

Түнөрүп келген Жаныш унчуга албай сыртка чыгып кеткен. Эмне демек, башын салып эшикти акырын жаап караанын үздү.

Анан бир күнү жаны кыйналып тура албай жатса эшик тыкылдап: “Каныш, барсыңбы?” деген үн угулду. Туруп барып эшик ачууга дарманы келбеди, дагы бир доочусу келген окшойт.

Көзүнөн жашы төгүлүп, ушу азапты көргүчө өлүп эле калсам жакшы болор эле деп тиштенип жатса эшик акырын ачылып айылдагы абасы кемпири экөө баш бакты. Каныш киргендерди тааныбады. Атасына окшош карыя экенин гана боолгоду. Анан атасына акырын “мени ала кетиңизчи” деди, ошого араң жарады.

Бир арманы бу жарыкты таштап жатканда нан таап келебиз деп кетишкен кабырга сөөгү ката элек кызы менен уулунун жанында болбой калганын ойлоп, күчүн көз жашынан чыгарды. Байкуштары атасынан да, апасынан да ажырап карайлап калышат эми.

Киргендер атасы эмес, жакын абаларынан экен. Абышка-кемпир болгон сөздү Жаныштан угуп аш-тамагын көтөрүп айласыз жаткан Каныштын абалын сураганы келиптир. Биринчи ирет ушул күнү Каныштын ичи ысыды, бу сагырларды да ойлогон кишилер бар тура.

Тууган баары бир түтпөйт экен. Ал күнү Кабылдын үйүндө эт кайнап, жакын адамдар ортосунда бажыраган жакшы сөздөр сүйлөнүп, баары кетип Каныш төшөктө жатканда ошол түнү түшүнө Кабылы кирди. Анысы туугандарынын ортосунда бапырап жүзү жаркып сүйүнүп сүйлөшүп отуруптур.

Насыпбек Асанбаевдин «Дудук» аттуу чыгармалар жыйнагы.
Насыпбек Асанбаевдин «Дудук» аттуу чыгармалар жыйнагы.
Насыпбек Асанбаевдин «Дудук» аттуу чыгармалар жыйнагы өткөн айда жарык көргөн. «Оку» басма үйүнөн миң тираж менен басылган китепке коомдогу көйгөйлөр чагылдырылган аңгеме-повесттер кирген.
Анда эл турмушу, маанилүү жагдайларга көңүл бурулбай көз жаздымда калып жатканы, каада-салт, миграцияда жүрүп кыйналган энелер жана алардын мекенинде жакындарынын колунда калган балдарынын тагдыры козголгон. Ошондой эле Урал баатыр дастанынан кара сөз түрүндө үзүндү камтылган.
370 беттен турган китеп Bookhouse дүкөндөрүндө сатылууда.
Насыпбек Асанбаев 39 жашта. Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Ал кыргыз тилинде чыгармаларды, балдар үчүн аңгемелерди жазып, китеп которуу менен да алектенет. Буга чейин анын чакан китептери, балдарга арналган чыгармалары жарык көргөн. 2017-жылы Жорж Оруэллдин Animal Farm чыгармасын кыргызчага которуп, ал былтыр «Айбан чарба» деген аталышта басмадан чыккан.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG