Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Ысырапкорчулук агартуу аксаган жерде гүлдөйт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргыз коомунда акыркы күндөрү той-аш жана маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы ысырапкорчулуктун алдын алуу демилгеси кызуу талкуу жаратты. Бул сыяктуу жөрөлгөлөрдө мал-жандык союлуп, түркүн даам дасторконго коюларын көрүп жүрөбүз.

Азыр экиге бөлүнүп жаатташкандардын бир тарабы муну канга сиңген каада-салтыбыз катары белгилесе, экинчи жээктегилер бул жөрөлгөлөр эбак эскирип, жакырчылыкка гана түртүп жатканын жүйө келтирүүдө.

Дин жолундагылар да талкууга кошулуп, шариятта мындай жосунга уруксат жок экенин, бул ысырапкорчулук экенин айтып, талкууга кошулуп жатат. Элет жеринде балалыгы өткөн адам катары, союш маселесине эл олуттуу карай турганын билем.

Той берген адам адеп даярданат эмеспи. Ал эми өлүм айттырбай келгени үчүн маркумду жерге берүү үчүн жакындары карызга баткан окуялар коомубузда көп кездешет. Анын айынан чет жакка жумуш издеп кеткендер канча.

Өлкөбүздө соңку бир канча жылдан бери дал ушул жөрөлгөлөрдө бодо малды курмандыкка чалууну, ысырапка жол ачкан көрүнүштөрдү тыюуга аракет болуп жатканы ырас. Бул үчүн бир учурларда шарияттагы эрежелерди далил көрсөткөн учурлар да болду. Өзгөчө айыл жеринде, бул маселе каада-салтты кармангандар менен шарият түшүнүгүн тутунгандардын кармашына айланып кеткен учурлар катталды.

Мусулманчылыкта ысырапкорчулук күнөө экенин айткандарды ата-бабадан калган салтка, кыргыз иденттүүлүгүнө каршы күч катары караган мекендештер да бар. Түшүндүрүү иштери натыйжа бербегени үчүнбү же каатчылыктан чыгуу аргасыбы айтор, ажобуз да ысырапкорчулукка каршы атайын жарлык чыгарды.

Кыскасы, той-ашта, маркумду акыркы сапарга узатуудагы бодо мал союуну салттык, укуктук жана диний өңүттөн карап чыгуу зарылдай.

Салттык өңүт

Кыргыздын каада-салтында бул жөрөлгөлөр бар экени чындык. Себеби, адам жарты кап уну жок болсо да маркумду узатуу үчүн мал тапканга аракет кылат. Андай кылбаганды уят катары эсептейт. Жеке пикиримде, каада-салттык түшүнүк үчүн адамды карызга батырып, артында калгандарды азапка салуу туура эмес.

Каада-салт – адам үчүн, адам – каада-салт үчүн эмес. Албетте, каада-салтыбыз улутубуздун тарыхында кандайдыр бир роль ойногону шексиз. Элдик оозеки чыгармачылыкта жумалап той-аш өткөн, ала тоодой эт, ала көлдөй чык тартылган учурларды кездештирүүгө болот.

Бирок, ошол доордун жашоо-шартын эске алганда мындай марттык орундуу болчу. Себеби, бай менен кедейдин ортосундагы ажырым бир топ эле чоң болгон. Күндөп-түндөп өткөн тойдун шарапаты менен эт жеп, ысык сорпо уурттаган адамдар болсо керек.

Дал ошондой эле, маркумду акыркы сапарга узатканда да жылдык, кыркылык, айттык (айт майрам күндөрү), бейшембилик куран окутуу деген жөрөлгөлөр маркумга болгон сый-урматтын, үй-бүлө мүчөсүн жантаслим болору менен дароо катардан чыгарып, унутта калтырбоо аракетинин көрсөткүчү болгон чыгаар.

Демек, бүгүн саат сайын өзгөргөн доордо жашап жатканыбызды эске алып, бул түшүнүктөрүбүздүн түпкү маани-маңызын бузбай, бирок ошол эле учурда учурдун шартына ылайыктап жашаганыбыз туура эле болгудай. Мисалы, жакырчылыктын алдын алуу максатында союла турган малды кичирейтип, маркумду эскерүү күнүндөгү чыгымдарды кыскартуу демилгесин колдоого алып эле жашасак болбойбу? Муну, дароо "Улуттук иденттүүлүккө кол салуу, кыргызды жок кылуу аракети" катары баалоо – аша чапкандык, башкача көз караштагы мекендешти мазактоо эмеспи...

Салтка жамынган "аксакалдар"

Айткандын оозу жаман дегендей, элет жеринде союштун тыйылбай жатышын толугу менен эле салттык түшүнүккө байлаган да болбойт.

Турмуш-шарттан улам акырындык менен үнөмдүү жашоого ыктаган жаш муундардын толкуну бар. Бирок, алар жакыны өткөндө бодо мал сойбогону үчүн аксакалдар тарабынан сынга, кемсинтүүгө кабыларын жашырганда эмне?

"Сенин атаң да убагында жеп жүргөн. Эми атаң өлсө, сен эмнеге сойбойт экенсиң? Соёсуң, биз да жейбиз" деп эле айткан учурлар да четинен кездешет. Элетте элден чыгып калуу - чоң трагедия. Айрыкча айылда тууган-уруктун толук кандуу мүчөсү болушуң керек. Дал ошол себептүү "Эл эмне дейт?" деген түшүнүктөн жүрөгү түшүп жашагандар арабызда бар.

Элет жеринде, жашы бери дегенде жетимишти ашкан кишилердин психологиялык абалын да туура түшүнүү менен эсепке алыш керек. Бир мааниде, бул сыяктуу зыяпаттар карыялардын социалдашуусун, карым-катнашын жандандыруусун, теңтуштары менен жүз көрүшүп туруусун камсыздаган функцияга ээ.

Мындан сырткары, жашы улгайган кишилерди аздектеп, аларды улуу катары сыйлап туруу – ыйык салттарыбыздан. Андыктан, айыл жергесинде жашы өтүп калган кишилердин сагындырбай сый-урматтын, зыяпаттын үстүндө болуп, зоболосу бийик экенин сезип жашап өткөсү келгенин түшүнүү менен кабыл алуу керек. Бирок, карыяларга болгон бул гармониялуу алака-катышты, учурдун материалдык шарттарына карап улантууга коом катары бардыгыбыз макул болсок кана!..

Укуктук алкак

Кандайдыр бир жөрөлгөнүн коомдо тамыр алышы, көктөшү – аң-сезимге көз каранды. Коом агармайынча бул илдеттен арылуу мүмкүн эмес.

Президент Садыр Жапаров мал союуга байланыштуу жакында чыгарган токтом убактылуу гана таасир бериши мүмкүн. Ушу күндө арабызда ысырапкорчулукка нааразы, бирок "эл эмне дейт?" деген түшүнүк менен жашаган катмар бар. Ажонун жарлыгы дал ушул катмарга ишеним бериши мүмкүн.

Ошентсе да маркумду келбес сапарга узатууда мал сойгон жөрөлгөнү толук тыйып салууга мүмкүн эмес. (Президенттин жарлыгында ачык тыюу болбогон менен, аны түшүндүрүү ишин моюндаган муфтияттын чыгарылган фатвасында такыр тыюу керектиги жазылган).

Анткени, бул түшүнүк биздин канга сиңип бүткөн. Биз эмес, бизден катуу тыюу салган, экономикасы алдыга кеткен өлкөлөр деле айрым ырым-жырымдарын тыя албай келет.

Андыктан, бул жөрөлгөлөрдүн коомдук маанидеги ордун эске алып, бирок ошол эле учурда материалдык жактан күч келбегендей кылып формага салуу негизги максат болуш керекпи дейм. Бул үчүн тыюу салуу эмес, чыгымды чектөө туура болмок.

Экинчиден, айып пул же укуктук эрежеден коркуп эмес, салттык, укуктук жана диний баалуулуктарга аң-сезимдүү мамиле жасоо менен жакырчылыктан арылууну көздөө туура деп ойлойм.

Диний алкак

Жарлык чыгаруу менен гана токтобостон түшүндүрүү иштеринин маанилүү экендигин айттык. Ажобуз бул жарлыктагы пикирди түшүндүрүү ишин муфтиятка тапшырыптыр.

Аалымдар кеңешинин төрагасынын бул жарлык тууралуу кайрылуусун окудум. Ал ажонун оюн диний аргументтер менен кубаттап, түшүндүргүсү келиптир. Эң эле көзгө урунттуу жери – Курандагы "Жегиле, ичкиле бирок ысырап кылбагыла" деген аят экен.

Ачыгы, бул аят мечиттерде, диний сукбаттарда, ажыкелердин видео дарстарында көп эле айтылат. Бирок, союштун арты тыйылган жок да. Андыктан түшүндүрүү ишин б.а. агартуу жагын муфтиятка тапшырма берүү менен гана чектебеш керек. Билекти түрүп билим берүүнү оңдоого, өзгөчө гуманитардык тармакты өнүктүрүүгө масштабдуу инвестиция кылбасак, утурумдук чара менен узакка бара албашыбыз анык.

Шарият өзү негизи айтылуу жөрөлгөлөргө, андагы ысырапкорчулукка, аша чаап чыгымды көбөйткөнгө каршы.

Бирок, өзгөчө көп кишинин катышуусунда тажия өткөрүү, маркумду жамаат менен эскерип туруу жөрөлгөлөрү - ислам менен биздин салттык дүйнө таанымыбыз жуурулушканда ортого чыкканын да унутпаш керек.

Антпесе, ислам жаңы пайда болгон кезде арабдарда мындай көрүнүштөр жок болгон. Алардын түшүнүгүндө тажияны саналуу гана жакындары менен өткөрүп, жаназа намазын окуп, анан жерге берүү кажет.

Кан чыгаруу, курмандык чалуу, кандайдыр бир күндү, кечени өзгөчө белгилөө, ишмердүүлүк өткөрүү же майрамдоодо кандайдыр бир авторитеттин (athority) айланасына чогулуу, жамааттык негизде жүзөгө ашыруу салты ­түрк тектүү элдерде байыртан болуп келген.

Муну тарых китептеринде "төрө" салты деп аташат экен. Андыктан, биз мусулмандаша баштаган доордо эски салттык түшүнүктөр менен исламдык принциптер жуурулушуп, натыйжада малды курмандыкка чалып, тууган-туушкан чогулуп маркумду жерге берүү, аны эскерип туруу таризи келип чыккан.

Демек, бул ысырапкорчулуктун алдын алуу үчүн укуктук чектөө жетиштүү эмес. Бул оюбузду атактуу жазуучу Бульвер Литтондун: "Мыйзамдар өлөт, бирок китептер өлбөйт" деген сөзү менен кубаттасак да болот. Андыктан, жакырчылыктан арылуу үчүн мыйзам чыгаруудан көрө агартуу иштерин чечкиндүүлүк менен жүргүзүү­ учурдун кечиктирилгис шарты!

Коомдук өнүгүп-өсүүнү артка тарткан түшүнүктөрдү канчалык көрмөксөн болсок же олуттуу кабыл албасак, ысырапкорчулук тыйылбайт.

Балким, арбактын артынан сооп жөнөтүү деген маңыздагы түшүнүктөн улам туура эмес диний түшүнүк да маселени оорлоштуруп жаткан чыгаар. Эмнеси болсо да нукура баалуулуктарыбызды туура тааный албагандыгыбыздын запкысын тартып жатабыз.

Элмурат Кочкор уулу

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG