Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:51

“Ысырап кылсаң, айыпка жыгыл”: талкууга түшкөн мыйзам


Иллюстрациялык сүрөт.

Той-аштардагы ысырапкорчулукту ооздуктаган мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү. Анда ашыкча ысырапкорчулукка барган той ээси айыпка жыгылары жазылган. Ушундай эле мыйзам долбоору буга чейин бир нече жолу көтөрүлүп, колдоо тапкан эмес.

“Үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору 22-июнда парламентте биринчи окуудан өттү. Жыйынга катышкан 86 депутаттын 83ү аны колдоду.

Мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлө салтанаттарына жана ырым-жырымдарга чакырылгандардын саны 100дөн ашпашы керек. Үлпөт тойго 200гө чейин адам катышып, бир күндүн ичинде аяктоого тийиш. Нике салтанатына үчтөн көп эмес жеңил автоунаа колдонулат.

Ал эми маркумду акыркы сапарга узатууда бодо мал союлбайт, бирок жаназага катышчу адамдардын саны чектелбейт. Өлгөндөн кийин аза күтүүгө 100дөн ашпаган адам чакырылып, бодо мал союуга тыюу салынат.

Жогорудагы эрежелерди бузган жеке тараптар 17,5 миң сом, юридикалык жактар 55 миң сом айыпка жыгылат.

Документтин автору, депутат Улукбек Ормонов мыйзам долбоорун мындайча чечмеледи:

Улукбек Ормонов
Улукбек Ормонов

"Биз мыйзам долбоорун даярдап жатканда байлар айып пулду төлөп коюп эле тойду каалагандай өткөрө берет деген сөздөр айтылган. Ошондуктан биз айыпты 100 миң сомго чейин көтөрүүнү демилгеледик. Бирок жаңы кодекстерде айып пул башкача көрсөтүлгөн экен. Биз ошого ылайыктап, экинчи окууда даярдап келебиз".

Депутат Дастан Бекешев бул мыйзам коррупцияга жол ачпайбы деп чочулады.

"Бул мыйзам күчүнө кирсе, адамдар кырдаалдан чыгуу үчүн башка жолдорун карай баштайт. Кафе, ресторандарды көзөмөл кылган адамдар пайда болот. Коррупция башталат. Ошондуктан муну мыйзам менен эмес элдин түшүнүгүн өзгөртүү менен ишке ашырсак болот".

Ушундай эле мыйзам долбоору буга чейин бир нече жолу көтөрүлгөн. 2018-жылы Бишкекте демилгечи топ "Кыргызстандагы той-топур менен үрп-адаттарды ыраатташтыруу жөнүндө" мыйзам долбоорун талкууга алып чыккан. Бирок жетиштүү кол топтой алган эмес.

Андан мурда 2016-жылы Аида Салянова баштаган депутаттар “Салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө” деген аталышта мыйзам долбоорун сунуштаган.

Ага чейин, тактап айтканда 2012-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Каныбек Осмоналиев тойго чектөө салган мыйзам долбоорун парламентке алып чыккан. Документ биринчи окуудан өтүп, экинчи окуудан колдоо тапкан эмес.

Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев

"Ошол кезде ресторандын ээлери мени ачык эле кысымга алышкан. Парламенттин төрөгасы жана депутаттар ал мыйзамды өткөрбөй коюшкан. Мен кыргыздын канына синген каада-салтты менен тойдун өтүшүнө каршы эмесмин. Бирок ысырапкорчулукка жол берилбеши керек деген ойдомун", - деди Осмоналиев.

Кыргызстанда акыркы он жылда атаандаштандык менен той өткөрүү күч алганы айтылып келет. Ага жараша түрдүү кызматтар да пайда болгон. Тамададан баштап, ырчы, бийчилер коштогон шоу программалар, сүрөтчүлөр сыяктуу ондогон кызмат көрсөтүү той ээлерине сунушталат. Мына ушул жумуштар аркылуу Кыргызстандагы миңдеген кишилер жан багары турган кеп. Эрнис Үмөтов тойлордогу ысырапкорчулук акырындык менен өзү эле тыйылып келатканын белгиледи.

"Жаштар ысырап кылбайбыз деп демилге көтөрө баштады. Азыр мындайлар аз болуп жатканы менен акырындык менен көбөйөт. Мисалы, мындан он жыл мурда той башкача өтөт эле. Чет өлкөдөн ырчыларды чакыруу модага айланган. Азыр андай жок. Ошондуктан тойлорду мыйзам менен тыйбай, элдин аң сезимин оңдоо менен тыйсак болот".

Экономисттердин эсебинде, кыргызстандыктар жылына аш-тойго 3 миллиард доллардан ашык акча чачат. Өз алдынча иликтөөлөрдө Кыргызстанда бир жыл ичинде жарым миллиондон ашык үй-бүлө ар кандай той-топур өткөрөөрү белгиленип жүрөт.

Экономист Искендер Шаршеев тойлордун кыргыз экономикасына тийгизген таасирине токтолду.

“Той экономика” деп бекеринен айтылган эмес да. Азыр болжолдуу 200-300 миңдей адам тойлордун эсебинен жан багат. Бирок ал убактылуу болгондуктан Кыргызстандын келечегин оңдой албайт. Той кыргыз экономикасын кыймылдаткан күч болуп туюлуп жатат. Бирок ошол акчаны башка пайлалуу нерсеге жумшасак тойлорго кызмат көрсөткөн адамдарга да жумушчу орундар түзүлмөк”.

Коңшу Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда той-аштарды чектөө боюнча атайын мыйзамдар бар. Мисалы, Тажикстанда үйлөнүү тоюнда 150дөн ашык адам чакырууга, никеге катталууга үчтөн ашык машине менен чыгууга тыюу салынган. Серепчилер алар ушундай тартип менен жакырчылыкты кыскартууга жетишкенин айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG