Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Орозо дүйнөдөгү ысырапка салым кошту


Оштогу ооз ачыруучу базар.
Оштогу ооз ачыруучу базар.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (20-27-май, 2019-жыл).

АКШ Казакстандан миллиондогон долларга эт алат

«Financial Times» гезити Кошмо Штаттардын эт экспорттогон «Tyson Foods» компаниясы Казакстан менен жүз миллиондогон долларлык келишим түзүүгө камынып жатканын маалымдады. АКШ уй этин экспорттоодо дүйнөдөгү ири өлкө болуп саналат.

​Бирок 2018-жылдын июль айынан тартып Кытай АКШнын эт азыктарына 25 пайыздык салык салгандан кийин экспорт 2019-жылдын биринчи чейрегинде эле 17 пайызга азайган. АКШ эми бул акыбалдан чыгыш үчүн Казакстан менен келишим түзүүдө. Себеби Казакстандан импорттолчу этке Кытай 12 пайыздык салык койгон. Санкциялардын салгылашын эми АКШнын «Tyson Foods» компаниясы Казакстанга 200 миллион долларлык инвестиция жумшоо менен кыйгап өтүүнү көздөп турган чагы. Бул үчүн Казакстан жылына 5 миллион тонна уй этин өндүрүшү керек. Америка быйыл дүйнөгө 12,4 миллион тонна уй этин экспорттоп, анын 480 миң тоннасын Казакстандан алаары күтүлүүдө. «Tyson Foods» компаниясынын басма сөз катчысы Лиз Кростон жакында Казакстанга барышканын, долбоорду ишке ашыруунун пландары каралганын гезитке билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Арканзас штатында түптөлгөн бул ишкананын былтыркы кирешеси 4,8 миллиард доллар болуп, кирешесинин 12 пайызын башка өлкөлөргө саткан эттен тапкан. Таиланд да тооктун этин алыш үчүн 340 миллион долларлык долбоорду ишке ашырууда. Жакынкы беш жылда компания экспорттой турган эттин 90 пайызын АКШдан башка өлкөлөрдө өндүрүү пландалган. «Tyson Foods» Кытайга, Индияга, Европага эт ташыйт.

Казакстан мурда айыл чарбасы, дан эгиндерин өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөргө кирген. Бирок азыр технологиясы эскирип, малдын башы да азайып, этинин сапаты начарлаган. «Tyson Foods» менен келишим түзгөн казак ишкерлери жакында эле АКШдан, Канададан жана Австралиядан эт багытындагы миңдеген баш бодо малды Казакстанга алып келишти. «Financial Times» былтыр АКШнын Айыл чарба департаменти менен Казакстан уй этин өндүрүүнү эки эсе көбөйтүүнү макулдашканын жазат.

Орозодо күчөгөн ысырап

Араб өлкөлөрүндө орозо маалында ысырапкорлук күчөп жатат. Миңдеген тонна азык-түлүк желбей таштандыга кетип жаткан кези. Британиянын «Economist» журналы араб өлкөлөрүндөгү орозо айында ысырап болгон азык-түлүктү эсептеп чыккан. 2016-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө Сауд Арабиясынын ар бир тургуну жылына 427 килограмм тамакты жебей, Европа менен Түндүк Америкага салыштырмалуу үч эсе көп азык-түлүктү ыргытары аныкталган. Меймандостук менен берешендиктен улам Каирде жана Бейрутта ысырапчылык жогорку чекке жеткен. Египетте мөмө-жемиштердин жарымы желбей эле таштандыга кетет. Бул маселе орозодо өзгөчө күчөйт.

Мусулмандардын ыйык айында желбей калган тамак 67% көбөйүп, күнүнө бир кишиден 1,8 килограммдык таштанды чыгат. Дубайда орозо маалында таштандынын 55% тамак-аштын артканы түзсө, башка айларда 22% жетет. Бахрейнде күнүгө 600 тонна тамак желбей калган. Ооз ачууга деп даярдалган тамак-аштын 53% эле желе турганы белгилүү болду. Дубайдагы айрым мейманканалар мындай ысырапкорчулукка каршы чара көрө башташты. Алар аз желген, тез даярдалган тамактарды менюга кошпой жатышат. Ал эми Египетте ашып калган азык-түлүктү жакыр үй-бүлөлөргө таркатуу акциялары жүрүп жатат. Каирдин мейманканалары тамак салган табактын көлөмүн кичирейтишти.

Орусия мигрантсыз жашай албайт

«Eurasinet» басылмасы мигранттар Орусиядагы улам азайып бараткан жумушчу күчүн эле камсыз кылбай, өлкөнүн демографиялык акыбалын да туруктуу сактап турганын баяндайт.

Орусиядагы Миграциялык кызматтын рейддери.
Орусиядагы Миграциялык кызматтын рейддери.

«Орус бийлиги азыр мигранттарды эки чоң топко бөлүп жатат. Алар - утурумдук киреше таап, кыска мөөнөткө эле келип-кетип иштегендер менен Орусиянын жарандыгын алып, туруктуу жашап калгандар. Акыркы жылдары утурумдук ишке барган мигранттардын саны туруктуу сакталууда. Орусиянын жарандыгын алгандар болсо улам азайып баратат. 2018-жылы 124 900 миң киши жарандык алып, эң төмөнкү чекти көрсөткөн.

Москвадагы Жогорку экономика мектебинин Демография институту бул тенденция 2030-жылга чейин сакталса, Орусиянын калкы 146 миллиондон 128 миллионго азаярын божомолдойт. Орус президенти Владимир Путин миграциянын жолдорун жеңилдетүүчү саясий концепцияга кол койгон. Москва университетинин демографы Ольга Чудиновских бул документтин башкы максаты туруктуу кала тургандарды көбөйтүү экенин белгилейт.

Бирок мындай саясий чечим мигранттардын жашоосун жеңилдеткени менен аларды жергиликтүү элге аралаштыруу боюнча бир да мыйзам же расмий кадам жок экенин башка окумуштуулар далилдеп жатышат. Эксперт Евгений Варшавер Орусияда мигранттар менен орустардын ортосундагы ажырым чоң болгондуктан, улут аралык кагылышуу коркунучу бар деген ойдо. Коомдук пикирди изилдеген «Левада борбору» 2007-жылдарга салыштырмалуу мигранттарга карата мамиле азыркы тапта жакшы жагына өзгөргөнүн аныктады», деп жазат басылма.

«Жоолукту чеч» деген дарыгер иштен айдалууда

​Британияда 60 миң дарыгер мусулман бейтаптардан жоолукту чечип, медициналык текшерүүдөн өтүүнү суранган дарыгердин иштен айдалышына каршы кол топтоду.

«The Independent» гезити 23 жыл бою үй-бүлөлүк дарыгер болуп иштеген врач мусулман аялдан жоолугун алууну өтүнүп, көкүрөгүн тыңшамак болгонун, бирок анын бул суранычына аялдын күйөөсү ачууланып, дарыгерди сотко бергенин маалымдайт. Англис саясатчысы Борис Жонсон дарыгердин иш-аракетин колдоп чыкты. «Биздин улуттук саламаттык кызматында ансыз деле дарыгерлер жетишпейт. Эмнеге жөнөкөй нерсе үчүн мыкты дарыгерди соттошубуз керек?» - деди ал. Бирок медициналык сот бардык тараптарды, күбөлөрдү угуп, анан дарыгердин талабы боюнча чечим чыгармакчы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG