Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

“Көзү көргөндүн баарын алуу - адепсиздик”


Тонино Гуэрра.
Тонино Гуэрра.

XX кылымда Федерико Феллини, Микеланжело Антониони, Андрей Тарковский ж.б. дүйнөлүк залкарлардын катарында кино өнөрүндө аты легендага айланган атактуу сценарист Тонино Гуэрра (1920-2012) мыкты акын-жазуучу да, архитектор да, ал гана эмес укмуштуудай аңгемечи да болгон.

55 жашында орусиялык Элеонора Яблочкинага (кийинки аты-жөнү Лора Гуэрра) ышкысы түшүп, ошол кездеги катуу тоскоолдуктарга карабай экөө баш кошкон. Лора Гуэрра акындын өмүрүнүн акырына чейин чыныгы музасына, эргүүсүнө, жашоосунун ак жарыгына айланган.

Төмөндө Тонино Гуэрранын орус жазуучусу жана журналисти Слава Сергеевге курган маегинин урунтуу жерлерин которуп берүүнү эп көрдүк. Алгачкы жолу 2005-жылы "Новое время" журналына жарыяланган экен. Италия тилинен Лора Гуэрра оодарыптыр.

- Сиз согуш убагында Германияда лагерде болгонсуз. Феллини экөөңүздөр жараткан "Амаркорддо" фашисттер анчалык эле мыкаачы эместей. Тагыраагы, алар күлкү келерлик, тантыктай эле көрүнөт.

- Арийне, мен эч качан заардуу боёкторду пайдаланбайм. Анткени, заардуу боёктор кер какшыкка караганда алда канча алсыз. Алар жасаган жамандык (мен "Амаркорд" жөнүндө гана айтып жатам) "көтөрүңкү" болууга тийиш эле, ошондуктан алардын кылган зыяны коңгуроо мунарасындагы граммофонду аткылоо менен гана чектелди.

- Мен муну түшүнөм. Эмне үчүн ошенткениңизди да түшүнөм. Бирок мен үчүн кырдаалды кантип жеңгениңиз кызыктуу болуп жатат.

- Мен христианин, католик катары лагерде баштан кечирген жамандыктарды унуттум деп айта албайм. Тек, мен муну демейки нерсе катары кабыл алдым. Анткени, мени дал ошол лагердеги өлүм менен жанымдын кыйналгандыгы чыйралтып, акылман кылгандыгын аңдадым. Азыр ошол азапка ыраазымын… Мен ошол "алдыңкы чекте" чыныгы драмалык кырдаалдарга жана окуяларга көп кабылдым. Мен анда ыргытып ташталган чүпүрөктөй эле болчумун, бирок мунун баарына кызыктуу тасмадай же өзүм жазууга тийиш болгон сонун аңгеменин сюжетин көрүп жаткандай карачумун. Ошондо жыйырма жашта элем…

- Сиз биздин ата мекенди кандай экен деп ойлойсуз?.. Москва кандай экен?

- Тек байкаганым, капчыктуулар өтө көп экен. Мындайда орто оокаттуулардын жашашы өтө кыйын. Кафелерде да, ресторандарда да баягы эле тамаксоо байлар…

- "Баягы эле" деп эмнени айткыңыз келип жатат?

- Байлар көп экен деген мааниде айттым. Кайда барсаң байлар. Ресторандарда да, тратторияларда да… Кийин тыгындар.

- Тыгын баардык жерде болот эмеспи.

- Жок, мындагыдай тыгын эч жерде жок… ошого карабастан, бул жактагы жапайы дүйнөкорлукка карабастан, баары бир поэзия жашай берет. Ал мындагы театрларда, сүрөтчүлөрдүн, өздөрү сүйүп жасап жүргөн нерсесин эргүү менен улантып жаткан айрым бир кишилердин жан дүйнөсүндө жашайт эмеспи. Бул жакта менин досторум көп, Орусияда мен өзүмдү үйүмдөгүдөй сезем. Мага болгон өзгөчө мамиле үчүн алкыш айтышым керек. Айтмакчы, сиз башка шаарларда да тыгын болот дебедиңизби. Билесизби, алар мындай violence эмес. Violence – бул зомбулук. Алар мынчалык ташбоор эмес.

- Эмне, орустар ташбоор болуп баратабы?

- Көпчүлүк орустар акчасы менен мактанат. Алар дүйнөнүн булуң-бурчунан көргөнүн сатып алгысы келе берет. Сиз айткан ташбоордук деп ушуну айтса болот. Бул адепсиздик. Орустар адепсиз боло баштады. Китеп окугандары аз. Алар ыңгайлуулукка ашкере маани бере баштаганын байкадым. Мурда мындай эмес эле.

- Мурда булардын бири да жок эле да.

- Эгер мурда жөпжөнөкөй эле, ойдогудай ажатканалар жок болсо, азыр үйлөрдүн мончосу эле 40 метрлүү, атүгүл андан да чоң. Албетте, мунун баары ашыкча. Орусияда Италияда миллион акча турушу мүмкүн болгон дачалар өтө көп, бирок алар архитектуралык жактан алганда чалкеш. Ыңгайлуу болгону жакшы, а мында ыңгайлуулукту зордоп жатышпайбы.

- Эми бул ар кимге ар кандай…

- Ошентсе да, баары бир Москва мага жагат, театрлары сонун, ал эми аларга барган кишилер тим эле ажайып. Орустардын кулак салып угуу жөндөмү али да бар. Бул абдан жакшы жана мен алардын мындай касиети узакка сакталышын каалар элем. Бүгүн кысталыш жашап жаткан дал ошол ортоңку тап театрларга барууда. Ал эми чириген байлар барган жерлерин чайнап-бүрккүсү келгенсип, тынымсыз дүйнө кыдырат. "Мен Исландиядамын! Мен Африкадамын! Мен тигил жактамын, мен бул жактамын!" деп мактангандарын айтпа.

- Менин эсиме азыр эмнегедир Паражанов түштү. Жакында Орусияда жарык көргөн сиздин жаңы китебиңизде (Тонино Гуэрра. Өмүрдүн жети дептери /Семь тетрадей жизни. М., Зебра Е, 2005 – ред.) ага атайын бир жомок арнаптырсыз.

- Ооба, биз кыяматтык дос элек. Мага анын Тбилисидеги татынакай үйү жакчу… Паражанов эч качан эстен кетпейт, ал дайыма жүрөктө. Менин көңүлүм чөгүп, буулугуп турганда дал ушул досумдун тасмаларын көргүм келе берет… Бул керемет жомокторду ал турмуш чындыгынан алып, колу менен жараткан. Бул жомоктордун абасы – улам жуткуңду келтирген, сыйкырдуу, табышмактуу жана жайлоонун абасындай таза. Анын чыгармалары мени жашаган жеримден, ой-санааларымдан, башкалардын ой-санаасынан, бучкактаган жыл мезгилдеринен, жөө баскан жолдорумдан алыстатат. Ал салган чыйыр тек поэтикалык нерселерден жасалган чындыкка гана алып барат.

- Мен дагы кайсы бир жылы анын Тбилисидеги үйүндө болгон элем. Эң өйдөңкү чакан көчөлөрдүн биринде… Мен мына муну сурагым келип жатат. Сиз көп нерсе менен алек болосуз: кино, адабият, живопись, архитектура, ажайып оргумалар.

- Эмерек, мозаика, керамика…

- Ооба, менин сурагым келгени мунун баары сизди тажатпайбы? Сизге шык-дем кайдан келет?

- Мунун баары бир эле нерсе, оргумалар да, эмеректер да… Поэзияга айлангысы келген сөздөр да. Болгону күтүү керек. Кээде күтүү узакка созулгандыктан, күтүп жатып сүрөт тарта баштайм же бала чакта жакшы көргөн нерселеримди жасайм. Мен негизи архитектураны абдан жакшы көрчүмүн. Өз колу менен бир нерсе жасаган усталарды жактырам. Бул таберик өнөр жок болуп кетпесе экен деп, аларга жардам бергим келет. Ошентип, менин колумдан да бир нерсе чыгат. Мен аягы ырга айланган сөздөрдү күтүү менен жашайм.

- Сизде мына дагы бир жандуу сөз табылды, дагы бир жакшы ыр жазылды, мындан эми эмне чыкты деген санаркоо болбойбу?

- Ооба, мунун баары эч оопасыз, пайдасыз деген ой тез-тез келип турат. Сыягы, искусство – бул менин бөлөктөрдүн эсинде кайсы бир сөз менен калуу үчүн өлүм менен болгон күрөшүү амалым. Ушул ааламдын баары, болгон-бүткөн нерсенин баары көбүнесе нөл менен, боштук менен чектешет.

Христиандар ушул боштукка сөз кулап, дүйнөнү жаратты деп айтып жүрүшпөйбү. Бирок… мен кийин нөлгө айланып, андан кайра баары жаралган ушул нерседен корком. Турмушта да Германиядагы лагердегидей эле. Бомбалар түшүп жатса да биз баарлашып, кыялданып, бир нерселерди жасачубуз. Эгер кимдир бирөөгө боор тартып, анын жеңилин жерден, оорун колдон ала алсаң, бул абдан жакшы. Канчалык тажатмадай угулбасын, бөлөктөргө жакшылык жасагандан өткөн эмне бар… Айтмакчы, саясатта да ушундай. Менден сиз кайсы партиянын тарапкерисиз же кайсы саясатчыны көбүрөөк жактырасыз деп байма-бай сурашат. Мен дайыма башкалар үчүн пайдалуу иш кылганды деп жооп берем.


- Башкалар үчүн пайдалуу иш кылгандар кимдер? Аттарын атасаңыз, мен дагы билип алайын.

- Андайлар аз. Биз балдарды сактай албай жатабыз. Мен белгилүү эле нерселерди айтып жатам, бирок кайсы бир жөнөкөй эле дары-дармектердин жоктугунан дүйнөдө балдар өлүп жатат. Биз абаны, сууну булгоодобуз. Жер Энени курутуу үчүн эмнелерди гана жасабадык… Жана сен ыр жазгандан тажаган жоксузбу деп сурадың. Ыр жазуу, жаратмандык дем алгандай эле кеп. Баскан-тургандан, дем алгандан тажаган жоксузбу деп сураганыңдай эле. Түпкүлүгүндө, акындын негизги вазийпасы – жыйнап-чогултуу. Акын жыттарды, алган таасирлерин, сезим-туюмдарын, кандайдыр бир кабарларды чогултат. Кийин булардан же гүл өнүп чыгат же жок. Анткени урук бардык жерде текши учуп жүрөт, эгер ал сага туш келсе, балким бир нерсе өнүп чыгат…

- Биз жогоруда кеп кылган "Өмүрдүн жети дептеринде" көп нерсе бар, бирок мени көңүлүмдү чакан роман "Топондон кийинки жамгыр" бурду. Ал тууралуу азын-оолак айтып бере аласызбы?

- Даңкым таш жарып турганда Италиядагы Пеннабилл деген чакан шаарчага көчүп кеттим. Чыгармада андагы жашоонун майда-барат кубанычтары чагылдырылган. Генри Торо өңдүү таасирлеримди башкалар менен бөлүшкүм келди. (ХIX кылымдагы америкалык романтик Генри Дэвид Торонун "Уолден же токойдогу жашоо" деген китеби жөнүндө айтып жатат – ред.). Мен жол менен деңиз жээгинен өйдө чыгып барчумун. Бул бала кезимде энем экөөбүз үйгө өрлөп чыгып бараткандай эле... Тентип кеткен баланын кайтып келгенине окшош болчу. Түшүнүктүү болгондур?

- Түшүнүктүү болду деп ойлойм.

Которгон Аким Кожоев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG