Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Давлесовго дары болгон спектакль


Насыр Давлесов.
Насыр Давлесов.

Кыргыз эл артисти, дирижер жана композитор Насыр Давлесовду эскеребиз. Ал ХХ кылымдагы кыргыздын эң көрүнүктүү уулдарынын бири. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин өлкөнүн гимнинин обонун Калый Молдобасанов менен бирге жазган. Давлесов 2011-жылы дүйнө салды.

"Аста-секин колукту"

1998-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда иштеп жүргөндө Насыр агай таягына сүйөнө басып, жумасына бир келип кетчү эле. Ошол жылы февралда ага жолугуп калдым. Ал-акыбал сурашып, кант диабетинен запкы тартып жүргөнүн, микроинсульт болгонун айтып, чарчап, чаалыгып тургандай сезилген. Ошондо "Атты арыганда, эрди карыганда көр" деген ушу тура деген ойдо калгам.

Институттун музыка кафедрасынын бир жолку жыйынында Насыр агай келерки мартта 70 жашка толорун кеп кылды. Көп өтпөй Маданият министрлигинде иштеген музыка боюнча башкы адистен:

- Давлесов агайдын 70 жылдык мааракеси өткөрүлөбү?,- деп сурап калдым. Өкмөткө кат жолдонгонун, бирок өтөр-өтпөсү так айтылбасын билдирди.

Студент кезимде "Аста-секин колукту" опереттасын бир нече жолу көрүп, музыкасына абдан таасирленген жаным Нарын театрында иштеп жүргөндө ушул опереттаны эстрадалык үлгүдө коём деп, ошол кездеги Көркөм кеңеш колдобой, сахналаштыра албай калганыма өкүнгөм.

Март айында агайдын 70 жылдыгынын урматына эстрадалык үлгүдө даярдоо идеясы жан дүйнөмө тынчтык бербеди. Китепканадан опереттанын либреттосун алып жатаканада коңшу жашаган композитор, аранжировщик Эрик Кадырбаевге, опера жана балет театрынын хормейстери, институттун ага окутуучусу Карагул Тиленчиевге айтсам, экөөсү тең колдоп, ошол күнү кечинде эле долбоорду кантип иштеп чыгышты сүйлөштүк.

Эртеси Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын (ал кезде Бишкектин Свердлов райондук администрациясынын актовый залында эле) жетекчилигине барып, театрдын артисттери менен даярдоого уруксат сурадым. Жетекчилер драмалык артисттер ырдай албастыгын шылтоо кылып, "жок" деп коюшту. Көшөрүп атып жетекчилерин эпке көндүрүп, артисттерге сунуштасам "музыкалык спектаклге тажрыйбабыз жок" деп көңүл кош болушту. Эптеп макулдугун алып, кийинки жумада либретто менен таанышып, музыкалык жагын иштемей болдук.

Насыр агайдын уруксаты

Э. Кадырбаев музыкасын эстрадалык үлгүдө аранжировкалап, хормейстр Карагул Тиленчиев артисттердин үнүнө карата роль бөлүштүрүп, хор иштелди. Бул долбоор тууралуу институттун окуу иштери боюнча ошол кездеги проректору Өзүбек Абдылдаев укса керек. Өзүнө чакырып:

-Насыр агайдан уруксат алып иштегиле, ал киши азыркы эстраданы жактырбаган кырс адам, бөөдө убара болуп калбагыла,-деп кеңеш айтты.

Насыр агайды институттан сураштырсам, бир жумадан бери сыркоолоп, жумушка келбей жатыптыр. Үйүнүн дарегин алып көзмө-көз сүйлөшкөнү барсам, эшикти байбичеси Сабира эже ачып, агай сыркоолоп жатканын кыйытты. Кирип барсам, ал өзүнчө бөлмөдө жатыптыр. Учурашып ал-акыбалды сурап отурдум. Келгендеги максатымды айтып, эстрадалык үлгүгө макулдугун бериңиз дедим. Абдылдаев айткандай эле азыркы эстрада купулуна толбойт экен, "оперетта оркестрге ылайыкталып жазылганы элге жакпай калабы" деп кооптонду. Чүй театрында даярдаларын укканда ого бетер кыжаалат болуп, "Аста-секин колукту" опера жана балет театрына ылайыкталып жазылганын жана ошол жерде коюлганы жакшы болорун айтты.

- Койсоң, опера артисттери менен даярда, -деп так кесе сүйлөдү.

Мен эки-үч музыкалык картинасын эстрадалык үлгүдө магнитафонго жаздырып келип угузуп, ошондо көңүлүнө толбосо, токтото турган болуп убадалашып, убактылуу болсо дагы уруксатын алып коштошуп чыктым.

Театрда репетиция токтогон жок, сөздөрүн бышыктап, кейипкерлердин кулк-мүнөзү менен иштөө кызуу жүрүп жатты. Эрик Кадырбаев эки-үч ырына аранжировка жасаптыр. Эстрадалык үлгүдө заманбап иштелген музыкасы мага абдан жакты. Магнитофонго жаздырып, эртеси Насыр агайга барсам, оорусу күчөгөнбү, алы жок араң кыбырап көңүл кош кабыл алды. Бөлмөгө магнитофонду коюп, спектаклдеги Зиягүлдүн ырынын жаңы вариантын угуздум. Башында диванда көзүн араң ачып-жумуп аткан агай бир аздан кийин башын акырын көтөрүп, берилип угуп калды. Бир маалда ордунан туруп, ары жакта турган пианиного барды да Зиягүлдүн ырын ойноп кирди.

Сабира эже эшиктен баш багып "эмне болуп кетти"дегенсип таң калып карады. Кийин пианинону токтотуп магнитафонду берилип укту, кийинки ыр Маркабайдын "Акчабайы" тыйындардын шылдыраганы кошулуп көңүлдүү ыргакта кетти.

- Ушуну жанагы кичине бала (Эрикти бою кичине болчу) иштеп чыктыбы?-деп кубана суроо салды.

-Бул рабочий вариант. Сизге жактыбы? Макул десеңиз, калганын мыктылап иштейбиз...

-Эми жакшылап иштегиле. Макул болбогондо... Кийин артисттер ырдап репетицияңар башталганда бир көргөзгүлө,-деди.

Ошентип агайым көңүлү көтөрүлүп, тыңып, ишин да калтырбай институтка келип, спектакль тууралуу сурап жүрдү. Бир жолу ректор профессор Асакеев мени чакырып:

- Аман, Насыр агайыңды эмне кылып койгонсуң?-деди.

-Эмне кылыптырмын, агай?-дедим ыңгайсыздана.

-Билбейм, мурда институтка Насыкемди машине менен алдыра алчу эмеспиз. Эми тролейбус менен келип жатат, сабагын калтырбайт. Барып эс алыңыз десек болбойт, бир нерсе кылып дубалап койгон жоксуңбу? - деди күлүп.

"Аста-секин колукту" музыкалык комедиясынан. 1-апрель, 2009-жыл.
"Аста-секин колукту" музыкалык комедиясынан. 1-апрель, 2009-жыл.

Насыр агай классында отуруп "Курманбек" операсын китепке ылайыктап иштеп жатканын көрүп, чыгармачылык чыйралтат тура деген жыйынтыкка келдим.

Чүй театрында даярдык мыкты жүрүп, артисттер да кызуу иштеп жатты. Февралдын бир күнүндө Насыр агай театрга келип репетицияны көрүп отурду.

- Агай, суукта эмнеге убара болуп келдиңиз? Унаа менен үйүңүзгө жеткирип коёлу?

Жок, болбой көшөрдү. Кээ бирде музыкага ыргалып, айрым жерден артисттердин оюнуна ырахаттанып, маңдайыбызда баягы оорукчан агайым эмес эле күүлүү-күчтүү автор отурду. Аны көргөн артисттер да чыйралып, ого бетер шыктана иштеди. Маркабайдын ролунда - Мурат Кыдыралиев, байбиченин ролун Асыл Набиева, Саламатты - Рахат Сулайманов, Зыяданы - Назгүл Белекова аткарып, ыр менен актёрдук чеберчиликти айкалыштырып жатты.

Даярдык бүтүп, бет ачары (премьерасы) жогорку деңгээлде өттү. Ошондон соң Насыр агай үйүндө жөн отурбай, чыгармачылыкта "Курманбек" операсын жана башка обондуу ырларын, гимндин нотасын иштеп бир китепке жетерлик эмгектерди жаратты. Аны басып чыгарыш үчүн өкмөттүн, маданият министрлигинин эшигин каккылып, басып чыгарууга көмөк сурап жүргөнү эсимде. Китептин чыгып-чыкпаганын билбедим. Тек гана чыгармачылык чыйралтып, дарты жеңилдегенин көрүп кубандым.

Институттан агайга жолугуп калсам, спектакль үчүн рахматын айтып, бирок аны көпчүлүк эл, жаштар көрбөй калганына кейиди. Мен агайды театрдын жетекчилигине барып: "Чүй облусундагы район борборлоруна 70 жылдык мааракенин алкагында көрсөтөлү" деп сунуш бериңиз десем, ошол күнү эле театрдын дирекциясы менен макулдашыптыр. Эртеси театрдын абройлуу актрисасы Асыл Набиеваны унаама отургузуп алып, уюштуруу иштери менен Чүй облусундагы район борборлорлоруна жөнөп кеттик.

Адегенде эле агайдын туулуп өскөн жергеси эмеспи деп Кемин районунан баштадык. Ал жерден аким калпак кийгизип, чапан жапты, сый тамак уюштурулду. Кеминдин ошол кездеги маданият бөлүмүнүн башчысы Сайпидин Осмонов өзү демилгелеп, №3 мектепке Н.Давлесовдун ысымы берилген. Азыр бул мектеп райондогу алдыңкы мектептердин бири.

Кийинки күнү Кант шаарына барсак, райондун акими Давыденко маданият үйүндө райондун активи болуп ар кошкон улуттун өкүлдөрүн оюн көргүлө чогултуптур. Аларды көрүп, булар спектаклди түшүнбөйт деп айрым артистердин көңүлү чөктү. Залда 400-500дөй адам отурат, эки капталында туруп тургандары да бар. Бирок спектакль шаңдуу өтүп, "браволоп" кыйкыргандар жүгүнүүгө чыккан артисттерди гүлдестеге бөлөп салышты. Аягында аким Давыденко агайды кыргыз тилинде куттуктап, калпак кийгизип, чапан жапканда көңүлүбүз көтөрүлдү.

Агайдын 70 жылдыгынын урматына Чүй облусунун бардык райондорунун борборлорунда коюлган "Аста-секин колуктуну" эл абдан жакшы кабыл алып жатышты. Барган жерде сый тамак, белектер берилип, агай дартын унутуп эле артисттер менен район аймактарына чейин кошо барып жүрдү.

"Ырдасам, сөзүн унутам"

Ошондон кийин опера жана балет театрына "Аста-секин колукту" опереттасын жаңылап коёлу деп театр жетекчилигине кайрылып, тилеке каршы, бир топ жылга чейин чиновниктерден колдоо таппай жүрдү. Мындай мамиле агайдын көңүлүн чөктүрдү.

Жаныбек Алыкулов "Аста-секин колукту" комедиясында. Бишкек, апрель, 2009.
Жаныбек Алыкулов "Аста-секин колукту" комедиясында. Бишкек, апрель, 2009.

Убакыт билинбей өтүп жатып, агайдын 80 жылдык мааракесин өткөрүү демилгесин мурдагы студенти Жумакадыр Курмангалиев көтөрүп кыргыз эстрадасынын таанымал ырчылары менен иштөөнү колго алып, өзү продюсер болуп, биз кымгуут эле болуп калдык.

Бул сапар баш каарман Сапарбайды - Бакыт Мукул, Зияданы - Алина Жетигенова, Маркабайды - Жаныбек Алыкулов, байбичеси Барсаананы - Жамила Муратова, Саламатты - Токтобек Асаналиев, көпкөн жигитти - Мерген Турган, көпкөн кызды - Назира Жетигенова ойномой болушту.

Бир жолку репетицияда маркум Жаныбек Алыкулов:

- Ырдасам, сөзүн унутам. Экөөнү бирге аткарсам, кыймылын унутам. Бизди эмне эле фашисттердей кыйнап атасың? - деп күлдүрдү эле кайран Жакем.

Туруктуу имаратыбыз болбой, ар кайсы жерде репетиция кылып жатып, бир ай дегенде март айынын соңунда филармонияда спектаклдин бет ачарын ийгиликтүү өткөрдүк. Филармониянын ижара акысын продюсер Жумакадыр Курмангалиев өз чөнтөгүнөн чыгарып, агайдын 80 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде уюштурду.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG