Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Согуштун жүзүн көргөм...Жарыша куралдануу курмандыгы


Молдовадагы согушка каршы акция.
Молдовадагы согушка каршы акция.

Орус-украин согушунда карапайым эл башынан өткөрүп жаткан азап-тозокту көрүп жатып, тээ токсонунчу жылдардагы Тажикстандагы жарандык уруш эсиме түштү.

Үй-жайынан, мал-мүлкүнөн кечип, эптеп жаным аман калса экен деп Жерге-Талга жөө-жалаңдан качып келген элдин абалы киши ыйлагыдай аянычтуу эле. Алардын арып-азган, коркуп-үрккөн, жүдөгөн түрүн көрүп, согуштун чыныгы жүзү ушундай болот турбайбы деген болчумун үрөйүм учуп.

Калың эл кор болгондо...

Айрым эркектер аба-ырайынын суугуна, жаан-чачынга карабай, күндүзү кечке тоо-ташта баш калкалап, түн бир оокумда жашырынып айылдарга түшүп келип, абай менен үйлөрдүн эшигин кагып: “Тууган, мусаапырга бир сындырым нан бере аласызбы?”, же: “Үстү-башыбызды кургатып, бир чыны жылуу чай ичип алсак болобу?”, - деп суранып тургандарын көргөндө, сай-сөөгүбүз сыздап кетчү. Өзүбүздүн чамабыз чакталуу, эптеп жан багып жатканыбызга карабай, бар ырыскыбызды качкындар менен тең бөлүшчүбүз.

Көпчүлүгүнүн сырткы кийимдери дал-далынан айрылып, бут кийимдери жыртылып, колдору туурулуп, бети-башы карайып, алда недей абалда болчу. Арасында жалаң байпак менен көлөч кийип жүргөндөрү да бар эле. Адам баласынын кордолгонун, кор болгонун, тебеленип-тепселгенин ошондо бир көргөнүм бар.

Кийин угушума караганда, ал байкуштардын бир даары үй-жайына жетпей, жолдо атылып кеткен экен.

Тилекке каршы, бүгүн ошондой оор тагдыр украин элинин башына түштү. Өздөрүн Кудайдын жердеги орунбасарындай сезип, иш жүзүндө кара күчтүн, бийлик-байлыктын кулуна айланган айрым көр пенделердин айынан карапайым эл чабылып-чачылды. Канчалаган бейкүнөө наристелердин, кары-картаңдардын каны төгүлүүдө. Ал эми ондогон шаар-кыштактар талкаланып, жарактан чыккандыгын айтпай эле коёлу.

Кара күч жана каршылык

Күнөө ким тарапта экендиги ачыктан-ачык байкалып турса да, айрым замандаштардын Путиндин агрессиялык саясатын колдоп жатышы мени таң калтырбай койбойт. Путинди түбөлүк президент катары көрүп, аны көкөлөтүп жаткан орустарды түшүнсө болот. Владимир Соловьев башында турган алардын мыкчегер идеологдору жыйырма төрт саат бою "дилбузардан" (телевизордон) сагызгандай шакылыктап, Путинди Пётр 1ге, дагы башка орустардын атактуу падышаларына теңеп, мактап-жактап турса, жетеленме, өз алдынча акыл калчап, тыянак чыгара албаган аламан, албетте, ишенет.

Бирок ошол эле учурда бир тууган украин элине бастырып кирип, орус бийлиги кечирилгис ката кетиргенин, бул трагедия орус элинин тарыхында түбөлүк кара так болуп жазылып каларын жакшы түшүнгөн жүз миңдеген жаштар нааразылыгын билдирди. Бул – авторитардык бийлик отуз жыл ичинде канчалык коркутуп-үркүтпөсүн, канчалык куугунтуктап кысымга албасын, эркиндикти сүйгөн орус элинин эрки сынбагандыгынын, дем-дымагы өчпөгөндүгүнүн күбөсү.

ХIХ кылымда падышанын адилетсиз бийлигине, өлкөдөгү туташ паракорлукка, кулчулукка, жөнөкөй элдин эсебинен жан баккан мителерге каршы көтөрүлгөн декабрчылар (теги ак сөөктөр) менен петрашевчилер акыйкат үчүн башын сайын өлүмгө барышкан. Айрымдары өмүр бою сүргүнгө айдалып, калган өмүрү азап-тозокто өтсө да өз чындыгынан тайган эмес. Өз идеясы үчүн кашык каны калганча күрөшкөн.

Арийне, дүйнөнүн башка элдери сыяктуу эле бүгүн орус эли да өзгөрдү, жаңы замандын шарданы менен майдаланып, мурдагыдай жалпы элдин мүдөөсү же чындык үчүн башын баталгага койчу баатырлар аз калып жатат. Көпчүлүгү бийликтин жетегинен чыга албаган кул мүнөз, коркок билиш, эрки бош пенделерге айланып калганын көрүүдөбүз.

Бирок акыйкат үчүн абакка түшкөн оппозициячы Алексей Навальныйга, "Новая газета" басылмасынын башкы редактору, тынчтык боюнча Нобел сыйлыгынын ээси Дмитрий Муратовго, саясий ишмер Илья Яшин менен Любовь Соболго жана башка көптөгөн эр жүрөк журналисттерге, блогчуларга, маданият ишмерлерине, жарандык активисттерге тан бериш керек. Алар өмүрүнө реалдуу коркунуч жаралып жатканына карабай чындыкты айтып, дүйнө элине туура, так маалыматы жеткирүүдө. Аты аталгандар – бүгүнкүдөй опурталдуу, оор күндөрдө тобокелчилике барып жаткан чыныгы баатырлар.

Ажыдаарды баккан ким?

Жалпы дүйнө элин ташпишке салган ушул каргашаны болтурбай койсо болот беле? Же адам каны суудай төгүлүп жаткан бул апаатка бир гана Путин менен Байден же Орусия менен АКШ күнөөлүүбү?

Жок, бул согушка жалпы адамзат айыпкер. Путин дагы, Байден дагы – жүз, эки жүз жыл мурда пайда болгон таасир талаштын, саясий атаандаштыктын, бүт жер жүзүнө үстөмдүк кылууга умтулуунун, эң башкысы, жарыша куралдануунун курмандыгы. Азыр Путин жок болсо эле баары ордуна түшөт, дүйнөдө тынчтык (же демократия) орнойт деген чоң жаңылыштык. Путин кетсе, анын ордун башкасы басат.

Качан адам баласынын аң-сезими кескин өзгөрсө, өлкөлөр ортосунда тирешүү, кастык мамиле жоголсо, өздөрүн Кудай эсептеген эски баштардын доору бүтсө, азыркыдай курал-жарак чыгарууга жылына миллиардаган доллар эмес, бир тыйын коротулбаса, ошол каражат илим-билимге, агартууга, маданиятка, социалдык муктаждыктарга жумшалса гана дүйдөдө жаңжал токтойт. Ал үчүн НАТО дагы, ЖККУ дагы, согушту көздөгөн же бири бирине касын тиккен жер жүзүндөгү дагы башка баардык аскердик уюмдар жоюлушу керек.

Атайын кызыгып көрүп, интернеттеги төбө чачты тик тургузган фактыларга туш болдум. Кубаттуу өлкөлөр жылына жүз миллиарддаган доллар аскер ишине жумшайт экен. Бул эмне деген акылга сыйбаган жорук! Эми жалпы дүйнө боюнча курал-жаракка кеткен бир жылдык чыгымды эсептеп көрөлүчү! Триллиондогон бул акчалар адам баласынын жакшылыгына сарпталганда, жер шарында эбак эле кой үстүнө торгой уялаган заман орномок. Африкадагы бир сындырым нанга, бир ууртам сууга зар болуп жаткан миллиондогон балдардын карды тоюнуп, адамзат жомоктогудай жыргал жашоого жетмек. Көрсө, жер үстүндөгү да, жер астындагы да кен байлыктары ашып-ташып жаткан Орусия Федерациясынын калкынын басымдуу бөлүгү Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу жакыр жашап жатышынын орчундуу себептеринин бири ушунда турбайбы.

Эми орус-украин согушу тууралуу. Учурда адамзат бир заматта миңдеген (өзөктүк куралынан тышкары) кишилерди кырып салууга жөндөмдүү абдан коркунучтуу курал-жаракка ээ болгондугун аталган уруштун күнүмдүк картинасынан көрүп жатабыз. Көз ачып-жумганча чоң-чоң имараттар талкаланып, оор аскер техникаларынын (танкалар, чопкутталган башка машиналар) күлү көккө сапырылганын көрүп, жакаңды карманасың! (Алардын ичиндеги адамдар эмне болгондугун элестеткенден коркосуң.) Демек, дүйнө адамды жапатырмак жок кылуучу, жүздөгөн жылдар бою өз колу менен жараткан цивилизациянын бир заматта таш талканын чыгаруучу курал жасаганга жетишиптир. Адамзат үчүн мындан өткөн апаат, мындан өткөп алаамат болушу мүмкүн эмес.

Ар кандай маселени сүйлөшүү жолу менен, ийри отуруп түз кеңешип чечсе боло турган азыркы заманда согушуу – бул кылмыш, адам баласына карата жасалган чоң кыянатчылык. Согушту жактагандар, аны колдогондор ошол оор кылмышты кубаттап жаткандыгын унутпашы керек. Ал эми мындай каргашанын башкы себепчилери эртеби-кечпи каргышка калат, себеби миңдеген кишилердин убалы аларды соо койбойт.

Казак жазуучусу Эрмек Турсуновдун сөзү менен айтсак, көрүп-билип туруп унчукпай коюу – демек согуш баштагандарга көмөкчү болуу. Ошондуктан, туугандар, жалпы адамзат агрессиялык урушту жектеп, каралап жатканда, биз дагы үн кошолу.

Аким Кожоев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG