Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн концепциясы бекитилди


Бишкекте 23-апрелде CREATE4 чыгармачыл индустриялардын биринчи фестивалы өткөн.
Бишкекте 23-апрелде CREATE4 чыгармачыл индустриялардын биринчи фестивалы өткөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-апрелде 2022-2026-жылдарга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын бекитти. Өкмөт тараткан маалыматта концепциянын максаты "креативдүү индустриянын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымын көбөйтүү", деп жазылган.

Ошондой эле "келечекте креативдүү экономика инновацияларга дем берүүгө, инвестициялык жагымдуулукту арттырууга түрткү берип, улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайы тармагына жана мигранттардын акча которууларына болгон көз карандылыгын азайтат, ошондой эле маданий мурастардын кайра жаралуусу менен глобалдашуу шартында мамлекеттин өзүн-өзү идентификациялоосуна көмөктөшөт", деп белгиленген.

Бишкекте 23-апрелде CREATE4 чыгармачыл индустриялардын биринчи фестивалы өткөн. Иш-чарага ар кыл курактагы чыгармачыл кишилер, чыгармачылыкка кызыккандар катышып, аларга Кыргызстандын, АКШнын, Орусиянын, Казакстандын IT, санариптик кесиптер, искусство жана башка тармактардын өкүлдөрү креативдүү сунуштарды айткан.

Фестивалга президент Садыр Жапаров, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен катышкан.

Иш-чара өлкөнүн креативдүү экономикасын жана чыгармачыл адамдардын коомчулугун өнүктүрүүнү колдоо максатында чыгармачылык жана инновациялар жумалыгынын алкагында уюштурулган.

Садыр Жапаров 21-апрелде “Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргызстандын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анын алкагында өкмөткө атайын концепцияны бекитип, креативдүү индустриялар классификациясын аныктоону, бул багытта атайын парк түзүүнү тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG