Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Кытайда каржы пирамидасынан улам издөөдө жүргөн жаран Бишкекте кармалды


ИИМдин имараты.
ИИМдин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) өз мекенинде каржы пирамидасын уюштурууга жана ири суммадагы акчаны кымырып алууга шек саналган кытай жараны кармалганын билдирди. Милиция тараткан маалыматта бул жаран Кыргызстанга 2013-жылы келгени, 2014-жылдан тартып өлкөдө мыйзамсыз жүргөнү айтылат.

"Бул жаран 2013-жылы Бээжинде компаниялардын биринин башкаруучусу болуп турганда каржы пирамидасын түзүп, 200 миллион юанды алып качып кеткен. Бул фактыга байланыштуу ага Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. Ал 19-апрелде Бишкекте кармалып, тергөө абагына киргизилди. Учурда тергеп-иликтөө уланууда. Башкы прокуратура аны мекенине экстрадициялоо маселесин караштырып жатат", - деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.

Өткөн айда кыргыз милициясы өлкөдө соңку мезгилде каржы пирамидаларынын түрлөрү көбөйгөнүн эскерткен. Ушундан улам ИИМ андай каржылык схемаларды алгач талдап, расмий органдардан маалымат алып чечим кабыл алуу керектигин белгилеген.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр биринчи жарым жылдыкта каржы пирамида ишмердүүлүгүнө байланыштуу 906 факт катталган жана алар боюнча материалдык зыян дээрлик 35 млн. сомго жеткен.

Буга чейин Улуттук банк элден каржылык салымдарды чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG