Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Элчи Кадыркулов Украинага кайтууну каалагандарды ашыкпоого чакырды


Идрис Кадыркулов.
Идрис Кадыркулов.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбуктагы баракчасына соңку учурда бул өлкөгө кайра кайтып келүүнү каалаган жарандар көбөйө баштаганын жазып, аларды шашпай турууга чакырды.

"Элчилик Украинанын батышында да өз кызматын толук аткарып, ишмердүүлүгүбүз үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Акыркы күндөрү Орозо айы бүткөндөн кийин Украинага кайтуу ниетин билдирген көптөгөн жарандар кайрыла баштады. Бул жерде аскердик салгылашуу дагы деле кызуу түрдө жүрүп, шаарларда сирена тынбай, коменданттык саат уланууда. Урматтуу мекендештер! Азырынча Украинага келбей турууңузду сунуштайм жана өтүнөм! Дал ушундай сунушту, азыр жергиликтүү аскер бийлик органдары дагы билдирип жатат. Украинага келүү эрте, өз өмүрүңүздү тобокелге салбаңыздар!", деп жазды.

Мунун алдында Кыргызстандын Украинадагы элчилиги жакында Львовдон Киевге кайтуу маселесин карап жатканы белгилүү болгон. Азырынча так датасы белгисиз.

Орусия Украинага басып киргенден кийин башка мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын элчилиги да өлкөнүн батышына - Львовго көчүрүлгөн.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, 5 миллиондон ашуун украин жараны бозгун болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG