Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Июнь коогасы: Камчыбек Ташиев күбө катары прокуратурага сурак берет


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу Башкы прокуратурага күбө катары сурак берет. Бул тууралуу башкы көзөмөлдөөчү органдан "Азаттыкка" билдиришти. Ташиев качан суракка барары азырынча белгисиз.

2010-жылы июнь коогасы маалында Ташиев Жалал-Абад облусунда жүргөн, ошол жылы күзүндө парламенттик шайлоодо "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

УКМК туура бир жыл мурда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Расмий маалыматка ылайык, июнь коогасында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у ушул күнгө чейин табыла элек.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башчылык кылган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, "куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду", - деген корутунду чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG