Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Садыр Жапаров журналист Темировго козголгон иш тууралуу пикирин айтты


Болот Темиров
Болот Темиров

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде журналист Болот Темировго карата кылмыш иши тууралуу суроого жооп берди. Ал журналистке кылмыш иши үч ай мурда козголгонун айтты.

"Бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошол аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Орусиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады".

Садыр Жапаров бул иш Болот Темиров журналист болгон үчүн резонас жаратып жатканын, бирок мыйзам алдында баары бирдей жооп берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.

18-апрелде Temirov LIVE Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Эртеси күнү ал өзүнө карата эки кылмыш иши козголгонун айтып, аны иликтөө менен байланыштырган.

УКМК бул боюнча комментарий бере элек.

Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону 20-апрелде ырасталган. Болот Темиров орус жарандыгы бар экенин ырастап, бирок 2008-жылы кыргыз паспортун мыйзамдуу алганын айтууда.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатат деген билдирүү таратышкан. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс Темировго карата дагы эки кылмыш иши козголгонуна байланыштуу билдирүү таратып, мындай ыкма жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана журналисттерди коркутуу же басмырлоо максатында колдонулбашы керектигин белгилеген.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG