Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигиндеги маегинде кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери тууралуу суроого жооп берди. Анда делимитация, демаркация жай жүрүп жатканын белгилеп, бирок бул маселе чечилет деп ишендирди. Эки өлкөнүн талаштуу чек ара тилкелери толук такталгандан кийин тосмо коюу башталарын билдирди.
"Тажикстан менен чек ара маселеси токтоп калган жок, чечилип келе жатат. 600 чакырымы бүттү, 300 чакырымы калды. Бирок жай жүрүп жатат. Жай жүрүп жатканы бизден эле эмес, эки тараптан тең болуп жатат. 30 жылдан бери чечилбей келген чек ара бир айда эле чечилип калбайт экен да. Талаш-тартыш жерлер бар дегендей. Бирок жакынкы араларда, кудай буюрса, толук чечебиз. Чек араны толук бүтпөй туруп, эки жак тең бир метр жерге тосмо кое албайт. Аны түшүнбөгөн кишилер "тосмо койсо болбойт беле" деп сүйлөй берет. Бүтөрү менен эки жак тең бир күн калбай тосмо тарта баштайбыз. Чек ара посттору ачылат. Соода-сатык жүрө баштайт. Өзбекстан менен азыр кандай жакшы мамиле болуп жаткан болсо, Тажикстан менен дагы ошондой мамиле болот. Карым-катнаш мурдагыдай уланат деп ишенип турам",-деди Жапаров.
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун соңку жолугушуусу 5-10-апрелде Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн. Мындан көп өтпөй эле 12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп, алты кыргызстандык жараат алган.
“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан кийин тараптар үч ирет жолугуп сүйлөштү. Анда тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра кайтарууну улантууну, бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тиешелүү органдардардан турган комиссия түзүүнү макулдашкан. Ошондой эле күзөтчүлөрдүн каттамын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек арачыларынан турган жумушчу топ түзүлөрү айтылган.