Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Жапаров: президенттик аппарат менен кошо министрликтер дагы көчүрүлөт


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде президенттик администрация үчүн салынып жаткан имарат тууралуу түшүндүрмө берди. Ал азыркы өкмөт үйүн 1950-жылы мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков курдурганын белгилеп, анын жолдоп өзү дагы имарат тургузуп кетүү ниетин бар экенин айтты.

"Айрым ою бузук адамдар айтып жаткандай, менин отурган жерим укмуш болуш керек, жашаган жерим андан да укмуш болуш керек деп салып жатканым жок. Жөнөкөй жерде олтуруп алып деле иштей берем. Негизи ар бир кабыл алган чечимдерим, жасаган иштерим келечекке мурас болуп калса деп жасап жатам. Баарыбыз бул дүйнөдөн өтөбүз. Убакыт өткөндөн кийин унутулабыз. Ал эми жасап кеткен иштерибиз, салып кеткен имараттарыбызды келечек муун дайыма эстеп, атыбызды атап жүрүшөт. Имарат салып жатсам, мен аны көрүмө көтөрө кетпейм. Эл үчүн, келечек муун үчүн калат",-деди Жапаров.

Садыр Жапаров президенттик администрациянын имаратын куруу үчүн алмаштырылып жаткан 16 гектар жердин баасы 30 миллион доллардан жогору болорун белгилеп, имаратты курууга кеткен каражат ал салынып бүткөндөн кийин толук эсептелип чыгарын айтты.

Президент бул имараттын салынышы менен Бишкектеги машинелердин тыгыны азаярын, келечекте күч органдарынан башка министрликтердин баары өйдө жакка көчүрүлөрүн айтты. Ал ошондой эле "Манас айылы" жаңыланып, анын маңдайына "Манас" театры салынарын билдирди.

Садыр Жапаров 15-апрелде Бишкекте мурдагы Ысык-Көл мейманканасынын ордуна курулганы жаткан президенттик администрациянын имаратынын пайдубалын түптөөгө катышкан.

Кийинчерээк жаңы Ак үйдү кыргызстандык компания курарын, анын ордуна шаардан 16 гектар жер берилип жатканын жарыялаган. Анын бул билдирүүсү коомчулукта чоң талаш-талкуу жараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG