Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Садыр Жапаров саясий оппозиция тууралуу оюн айтты


Өткөн айда "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" аттуу оппозициялык уюм түзүлгөн.
Өткөн айда "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" аттуу оппозициялык уюм түзүлгөн.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде саясий атаандаштары, оппозиция тууралуу суроого жооп берди. Анда бийликти сындагандар керектигин белгилеп, бирок ошол эле учурда аларды такталбаган маалыматтарды таратып жатат деп айыптады.

"Өлкөдө оппозиция бар. Алардын болуп турганы жакшы. Алар айткан кемчиликтерди чиновниктер угуп, түздөлүп турушат. Бирок оппозиция десе эле жеке кызыкчылык үчүн калп маалыматтарды таратып, элди дүрбөтпөш керек. Калптын казаны кайнабайт дейт. Көп болсо 4-5 күн ызы-чуу кылышат. Анан эле чындык чыгып калып жатпайбы. Оппозициянын арасында чет өлкөлүк кожоюндарынан акча алып, ошолордун гана кызыкчылыгы үчүн элди көтөрөбүз, революция кылабыз дегендер да бар. Баарын билебиз. Аларга тийбегиле дедим. Биздин өлкөгө акча келе берсин. Оппозицияны бакса да, бизге пайдалуу",-деди Жапаров.

Өткөн айда "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" аттуу оппозициялык уюм түзүлгөн. Анда кыймылдын башкы максаты демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, каатчылыкка каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берүү болору айтылган.

Уюмга саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер мүчө болгон.

Кыргызстандын эгемен тарыхында буга чейин дагы ар кандай оппозициялык кыймылдар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG