Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Төрт кызматкер электр тармагындагы коррупцияга шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Түндүк электр" ишканасынын Талас филиалына караштуу Манас райондук электр тармактары (РЭТ) ишканасынын кызматкерлери мамлекетке 2 млн. 800 миң сомдук зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу 25-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда мекеменин кызматкерлери Манас районундагы бийлик өкүлдөрү менен бирге абоненттердин Манас РЭТине төлөгөн каражатын "XENON" жана "IBS" базаларына салбай, өздөрүнө ыйгарып алганы айтылат. Ал акчанын ордун бюджеттин эсебинен жаап жүргөнү аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен иш козголгон.

Шектүү катары Манас РЭТтин башчысы, электр энергиясын сатуу боюнча башчынын мурунку орун басары, электр энергиясын сатуу боюнча бөлүмүнүн мурунку инженери, Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Март айында Башкы прокуратура электр энергиясына 39 миллион сом дебитордук карызды баланстан мыйзамсыз чыгарганы үчүн “Түндүкэлектр” ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун маалымдаган. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG