Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Баткенде пенсионер эки айылды бириктирген көпүрө курду


Нурхан Кочкорова.
Нурхан Кочкорова.

Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургуну, пенсионер Нурхан Кочкорова ажылыкка деп топтогон каражатына эки айылды бириктирген көпүрө куруп, пайдаланууга берилди.

“Жолдошум 43 жашында каза болуп калган. Ага түбөлүк сооп жетип турсун деп өз каражатымдан көпүрө куруп берүүнү ниет кылдым эле. Ажыга барсам өзүм үчүн гана барат экенмин. Мен көпчүлүк үчүн пайдалуу иш жасагым келди”,-дейт Нурхан Кочкорова.

Көтөрмө айыл өкмөтүнө караган Кызыл-Булак айылы Гайрат айылы менен чектешет. Айыл өкмөттүн башчысы Раимбек Таабалдиевдин айтымында, жергиликтүүлөр көпүрө жок учурда эки чакырым жолду басып, айылдын четиндеги башка көпүрө менен экинчи айылга өтүп жүргөн.

2020-жылдын 26-июлунда Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрүп, жаңыдан оңдолгон алты көпүрөнү агызып кеткен. Жергиликтүү бийлик кийин аларды кайра оңдоп чыккан. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG