Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Францияда президенттик шайлоого добуш берүүчүлөр аз катышууда


Франциянын Нант шаарындагы добушкана, 24-апрель 2022-жыл.
Франциянын Нант шаарындагы добушкана, 24-апрель 2022-жыл.

Франциядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00гө карата жалпы шайлоочулардын 63,2 пайызы добуш берди. Бул беш жыл мурдагы шайлоонун ушул сааттарына салыштырмалуу 2 пайызга азыраак экенин Франциянын Ички иштер министрлиги билдирди.

"Франц пресс" жаңылыктар агенттиги жазгандай, президенттик шайлоонун 10-апрелде өткөн биринчи турунун ушул сааттарында да шайлоочулардын катышы 2 пайызга көбүрөөк болчу.

Францияда шайлоонун чечүүчү турунда беш жыл мурдагыдай эле учурдагы президент Эммануэл Макрон менен ашкере-оңчул саясатчы Марин Ле Пен ат салышууда.

Сурамжылоолорго ылайык, жекшембидеги шайлоодо ар бир төртүнчү шайлоочу добуш бербеши мүмкүн. Шайлоо бекеттери жабылган кезде добуш бергендердин жалпы көрсөткүчү 72 пайызга жетиши ыктымал. Француз басылмалары жазгандай, бул 1969-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч болуп калышы мүмкүн.

Сурамжылоолор шайлоону 40 жаштагы Макрон аз айырма менен жеңип чыгышы мүмкүндүгүн ишарат кылып жатат. Эгер 44 жаштагы Макрон кайра шайланса, анда соңку 20 жылда экинчи мөөнөтүнө шайланган биринчи француз президенти болуп калат. Үчүнчү жолу президенттик шайлоого катышып жаткан Марин Ле Пен 2017-жылы Макронго утулган болчу.

XS
SM
MD
LG